Скачать

Махмуд Кашгари Барсканинин «Дивану лугати т-түрк» эмгеги — түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак

Карахандар каганатынын доорундагы чыгаан энциклопедист окумуштуу Махмуд ибн Хусейин Кашгари Барскани XI кылымда бул мусулман түрк мамлекетиндеги жана жалпы мусулман дүйнөсүндөгү түркология илимин эң бийик сереге чыгарган. Ал 1072-1077-жж. арапча жазган «Дивану лугати т-түрк» —«Τүрк тилдеринин сөз жыйнагы» эмгеги -Теңир-Тоо, Борбордук жана Ички Азияны, ошондой эле Сибир, Эдил-Урал, Чыгыш Европаны жана Жакынкы Чыгышты байырлаган ар кыл түрк элдеринин этнографиясы, тилдери жана тарыхы боюнча көөнөргүс булак болуп саналат.

Кыргыз чыгыш таануучусу, тарых илимдеринин доктору,КУУнунпрофессоруТ.К.Чоротегин бул китебинде Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрү, доору, мурасы, анын “Диванындагы” Борбордук жана Ички Азия (анын ичинде Теңир-Тоо) аймагындагы түрк калктарына таандык мол этнографиялык маалымат тууралуу иликтөөсүн сунуштайт.

Эмгек жалпы эле чыгыш таануучу, түрколог, кыргыз таануучу, булак таануучу, этнолог, картограф, тарыхчы, ономаст, фольклор таануучу жана башка адистерге, ошондой эле Карахандар каганатынын маданий, илимий жана руханий жетишкендиктерин үйрөнүүгө талаптанган бардык окурмандарга арналат.