persons_img/Шералы_Жапаров.webp

Полное имя: Шералы Жапаров
Дата рожд.: 1936-жыл
Место рожд.: Баткен облусу, Лейлек району, Шор-Булак айылы
Гражданство: Кыргызстан
Награды: 2008-ж. КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер наамы, 2010-ж. КРдин мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси.


Биография
Шералы Жапаров - 1936-жылы Баткен облусунун Лейлек районунун Шор-Булак айылында туулган. Орто мектепти Сүлүктү шаарында бүткөн. КУУда филология факультетин (1960-1965), КРсынын улуттук илимдер академиясында аспирантурада (1966-1969), Орусиянын Москва шаарында докторантурада (1987- 1988) окуган.

1984-жылы август айында Германиянын Лейпциг шаарында өткөн XV Эл аралык ономастикалык конгресске катышып, “Кыргыз адам аттарындагы уйкаштык” деген темада баяндама жасап келген. Бул багыттагы эмгектери Германияда (1984, 1985), Кытайда (бир нече жолу, соңкусу 2003-жылы), Түркияда (1995) жарык көргөн.

Республикалык Болот Юнусалиев атындагы сыйлыктын лауреаты, “Кыргыз тили” коомунун (1994-ж), И.Арабаев атындагы КМУга (КМПУга) караштуу Мамлекеттик тил жана маданият институтунун “Тумар” (2002) сыйлыктарынын ээси, профессор Шерали Жапаров өзүнүн менчигинде - байлыгында 30 (отуз) миңдей кыргыз энчилүү адам аттары бар. Кийинки жылдары кыргыз антропонимиясынын - “Эгиздердин энчилүү аттарынын феномени”, “Антропонимдик хиромантия” деген багыттарына көңүл кушун арта баштады.

Кыргыз энчилүү адам аттарына (анын ичинде ономастикасына) байланыштуу төмөндөгүдөй эмгектери жарык көргөн (айрымдары): “Кыргыз антропонимдери боюнча материал жыйноонун кыскача программасы жана инструкциясы” (1975), ”Кыргыз адам аттарынын сөздүгү” (1979), “Кыргыз адам аттары” (1989), ”Сенин ысмың ким?” (1990), ”Кыргыз ономастикасы” (1990), ”Кыргыз антропонимикасы” (1992), ”Кыргыз авторлорунун фамилиялары менен аттарынын жана псевдонимдеринин орусча транскрипцияланышы” (1990), “Адам аттары - эл байлыгы” (1-2-3-бөлүк, 2001, 2002, 2004, 2011, 2016) ж.б.

Ш.Жапаров “КСЭнин” 6 томдугун (1978-1980), “Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясын” (1989), “Талас облусу” (1985), “Манас” энциклопедиясын (2 томдукту - 1995) да түзүүгө салым кошкон.

1995-жылы 28-сентябрда өзүнүн менчик китепканасындагы 1500 (бир миң беш жүз) даана китебин КМУга (КМПУга)-МТМИге белекке берген.

Азыркы кезде И.Арабаев атындагы КМУда профессор болуп эмгектенет жана ошону менен бирге кыргыз антропонимикасына байланыштуу маалымат топтоону улантууда.

2008-2009-жылдары Баткен облусунун Лейлек районунун “Төө-Жайлоо” чөлкөмүндө (“Мечитте”, “Шообазда”) таш-рун жазуусун баштаган.

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин “Мамлекеттик тил жана маданият” институтунун Т.Ахматов атындагы кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору Ш.Жапаровдун жогорудагыдай илимге сиңирген эмгеги жогору бааланып 2008-жылы “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген [«Кыргыз Туусу», 2008-ж., 11-13-ноябрь, 2-бет, №85 (23277); Н №2390; белгинин №2457; 2008-ж. 05.11; ПЖ №397].