persons_img/A-koichev.webp

Полное имя:Арслан Капай уулу Койчиев
Дата рожд.:1965-09-29
Место рожд.:Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагы
Гражданство:СССР, Кыргызстан
Награды:”Арча” адабий сыйлыгынын башкы байгесинин лауреаты (29.9.2015), “Арча” адабий сыйлыгынын 2-даражадагы байгесинин ээси (2013), “Азамат Алтай” коомдук фондунун медалынын ээси (2013), Тарых илимдеринин кандидаты (1996).


Кыскача өмүр таржымакалы

Арслан Капай уулу Койчиев 1965-жылы 29-сентябрда Кыргызстандын азыркы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда жайгашкан Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул кыштагында айылдык тарыхчы мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Өз айылында орто мектепти аяктаган.
Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, аталган факультетте аспирантураны, Лондон Университетинин Чыгыштаануу жана Африканистика мектебин (School of Oriental and African Studies, University of London) аяктаган.
Тарых илимдеринин кандидаты. Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун (мурдагы Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын) мүчөсү.
1991-1993-жылдары Кыргызстан Демократиялык Кыймылына (КДК) мүчө болгон.
1994-96-жылдары “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы болуп иштеген.
1996-2010-жылдары ал Би-Би-Си дүйнөлүк кызматындагы Кыргыз кызматынын продюсери болгон. Лондондо турат. Ишкердик жана жазуучулук менен алектенет.
Кыргызстандын 18-кылымдын акыры - 20-кылымдын башындагы тарыхы, кыргыз дипломатиясынын тарыхы, Борбордук Азиядагы чек аралардын калыптанышынын тарыхы боюнча адис. Эмгектери кыргыз, англис жана орус тилдеринде жарыяланган.
Анын “Мисмилдирик”(Беделдеги каргыш) романы 1916-жылкы кыргыздын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн тарыхына арналган. Бул роман 2010-жылы Бишкек шаарында кыргыз тилинде жарыкка чыкты.

Билими:

1986-1991 - Кыргыз Мамлекеттик Университети,Тарых факультети (Артыкчылык диплому менен). Тарыхчы. Тарых жана коомтаануу окутуучусу.
1991-1992 - Кыргыз Мамлекеттик Университети. Тарых факультети. Стажер-изилдөөчү.
1992-1995 - Кыргыз Мамлекеттик Университети. Тарых Факультети. Аспирантура.
1996-жыл - Тарых илимдеринин кандитаты илимий наамын изденип алуу үчүн жазган диссертациясын ийгиликтүү коргогон. (Илимий жетекчиси - Тынчтыкбек Чоротегин).
2002-2003 - School of Oriental and African Studies (University of London). Faculty of Law and Social Sciences. MA in International and Contemporary Legal Studies.
Кыргыз, англис, орус тилдеринде жазат.

Журналисттик ишмердиги

Арслан Капай уулу Нарын өрөөнүндө чалгычыларга кошулду. 09.8.09.
1994-1996 - Азаттык радиосу. Жергиликтүү кабарчы.
1995 - Кутбилим гезити. Баяндамачы
1996-2010 - Би-Би-Си Дүйнөлүк Кызматы. Кыргыз кызматынын Продюсери.

Жазуучулук ишмердиги

2010-жылы Арслан Капай уулу Түндүк Кыргызстандагы падышалык Орусияга каршы 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана андан кийинки Улуу Үркүндүн окуялары сыпатталган “Мисмилдирик” деген романды жарыялады.
Бул роман 21-кылымдын башында кыргыз калемгерлери жараткан жаңыча сөз камтылган тарыхый-көркөм чыгармалардын бараандууларынан болуп калды.
2012-жылдын башында Арслан Капай уулу 20-кылымдагы кыргыз элинин тарыхындагы бурулуш окуялар чагылдырылган дагы бир тарыхый романды жазып бүттү.
“Айта бар менин кебимди” аттуу бул тарыхый роман айтматовдук “Ысык-Көл” Форуму, “Жаңы Ала Тоо” журналы жана “Турар” басмасы тарабынан уюштурулуп, 2012-жылдын 23-мартында жыйынтыкталган “Арча” адабий сынагынын жеңүүчүлөрүнөн деп табылып, экинчи даражадагы адабий сыйлыкка татыды.
Бул романда советтик кыйчалыш доорлорду жүрөк толтосунан өткөргөн Турар Атаевдин кейиштүү тагдыры аркылуу Кыргызстандын атуулдарынын 20-кылымдагы саясий турмушу жана моралдык, адеп-ахлактык ички күрөшү таасын чагылдырылат.
2015-жылы “Бакшы жана Чыңгыз-хан” романын жазды.

Коомдук ишмердиги

Арслан Капай уулу 1989-жылы 3-июнда Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты (КЖТЖ) деген чыгармачыл уюмду түптөөгө катышкан, анын белдүү мүчөлөрүнөн болгон.
КЖТЖнын уюштуруу жыйыны маалында ал КУУнун Тарых факультетинин 4-курсунун студенти болчу. Өз курсташтары, өмүрлүк жубайы Венера жана досу Алмаз Кулматов үчөө КЖТЖнын жыйынын кыргызчадан орусчага жана орусчадан кыргызчага синхрондук усулда которуп турушкан. Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ боло электеги алардын бул коомдук иши учурунда дурус алкоого арзыган.
Кийинчерээк да ал КЖТЖнын алкагында бир катар илимий жыйындарга катышып, өз демилгелерин сунуштап турган.
2012-жылы 11-февралда ал “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп шайланды.
2013-жылдан тартып “Токтогулдун маданий мурасы” коомдук фондунун Президенти.
(“Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фонду 2013-жылдын августунда негизделген коомдук кор. Анын максаты – Токтогул Сатылгановдун (1864-1933) доорун, өмүрүн жана чыгармачыл мурасын иликтөөгө демөөрчүлүк кылуу.
Молдожан Токтогулов, “Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун негиздөөчүсү.
“Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун 1-вице-президенти Талант Бекжанов,
“Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун вице-президенттери Токтосун Мадияров, Тынычбек Табалдиев, Таймыр Орозов).
“Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен 2014-жылы апрелде адабиятчы жана булак таануучу Омор Соороновдун “Биз билген жана биз биле элек Токтогул” аттуу китеби жарык көрдү. Акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган бул китеп коомчулукта жылуу маанайда кабыл алынды.

Сыйлыктары. Наамдары. Даражалары

“Арча” адабий сыйлыгынын 2014-жылкы баш байгесинин ээси Арслан Капай уулу Койчиевдин диплому. 29.9.2015.
“Арча” адабий сыйлыгынын башкы байгесинин лауреаты (29.9.2015).
“Арча” адабий сыйлыгынын 2-даражадагы байгесинин ээси (2013).
“Азамат Алтай” коомдук фондунун медалынын ээси (2013).
Тарых илимдеринин кандидаты (1996).

Үй-бүлөсү

Арслан Капай уулунун жары Акчолпон Койчиева. 09.8.09.
Жубайы - Венера (Акчолпон) Сапарбек кызы Койчиева. Учурда ал Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери.
Тун кызы - Гүлжан, андан кийин уулу - Аскар, кичүү кыздары - Эрке, Айкөкүл.

Эмгектери

Осмонаалы Сыдык уулу жана анын “Тарыхтары”. - Бишкек,1992.
Түндүк Кыргызстандын калкынын тышкы саясий мамилелери; (Араб жазмасындагы жергиликтүү документ булактардын негизинде): Тарых илим. канд. … дисс. авторефераты. - Бишкек, 1996. - 28 б.
Национально территориальное-размежевание в Ферганской долине (1924 г.). - Бишкек,2002.
Koichiev A., National-Territorial Delimitation in the Ferghana Valley- in: Central Asia in transition. - London. 2003.
Koichiev A. KYRGYZSTAN AND UZBEKISTAN MAP OUT THEIR DIFFERENCES - In: www.eurasianet.org/departments/insight/articles/
Koichiev,A “Batken Residents Furious Over Secret Kyrgyz-Uzbek Deal,” - In:
http://www.eurasianet.org/departments/insight/articles/eav042501.shtm
,
TENSION SHROUDS CENTRAL ASIAN ATTEMPTS TO CONNECT WITH THE PAST - In: www.eurasianet.org/departments/insight/articles/
Койчиев, Арслан Капай уулу. Токтогул Сатылганов - акындардын алтаны (Алгы сөз ордуна) // Сооронов, Омор. Биз билген жана биз биле элек Токтогул: Даректүү баян / Жооптуу редактору Бакытбек Орунбеков. - Бишкек: Турар, 2014. - 224 б. - Мында: 3-5-бетте. - “Токтогул Сатылгановдун маданий мурасы” коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен жарыяланды. -
ISBN 978-9967-15-336-3
.