Скачать

Кыргызча жашоо бормулалары (үзүндү)

Бул китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки карай чыгармалары кирди. Совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу, б. а., эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган.

Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна жаңыдан үйүр ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырларын көрөбүз. Бир катар сатиралык чыгармалары советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт.

Китептин 2-бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылды. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралу сөз болот.