Скачать

Кыргыз поэзиясы кылымдардын кыйырында. Кыргыз эл ырлары. 1-том.

Кыргыз поэзиясынын антологиясын чейрек кылымдан кийин кайрадан толуктоо менен азыркы заман талабына жараша чыгарылып жатканын кубаттоого гана болот. Бул антологиянын мурункусунан өзгөчөлөнгөнү: элдик оозеки мурастын кеңири түрдө берилгени; байыркы түрктөрдүн орток поэзиясы кыргыз адабиятынын кенчи катары каралгандыгы; Кытай, Ооган, Тажикстандагы кыргыздардын оозеки чыгармаларын улуттук адабий мураска кошкондугу