persons_img/Галина_Агафонова_Помаскина.webp

Полное имя: Галина Александровна Агафонова (Помаскина)
Дата рожд.: 1941-жылы 8-июлда
Место рожд.: Казакстан, Чымкент шаары


Биография
Галина Александровна Помаскина (кийинки фамилиясы Агафонова) 1941-жылы 8-июлда Казакстандын Чымкент шаарында төрөлгөн. Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөндөн кийин жолдошу Б.В.Помаскин менен Кыргызстанга келип, тарых музейинде иштейт. Ленинград шаарында аспирантурада окуйт. Кийин Ленинград шаарына кайтып, Герцен атындагы пединститутта иштеген. Кыргызстанда «Когда боги были на земле.» аттуу илимий-популярдуу эмгеги аркылуу кеңири таанымал, илимий ишин чыгармачылык менен өнүктүргөн, таланттуу окумуштуу болгон.