Скачать

Кыргыз-огуз тарыхый-этностук байланыштарынын элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылышы (“Манас” эпосу ж.б. булактардын негизинде)

Азыркы Орто Азиянын кенен аймактары байыртадан эле ар түрдүү маданий очоктордун, тилдердин, философиялык-диний көз караштардын, кайчылашкан, синтездешкен борбору болгон. Эки дарыя (Мавераннахр) аралыгына жана ага чектеш жерлерде эң байыркы цивилизациянын очоктору гүлдөп-өнүккөнү илимге маалым. Мындан сырткары отурукташкан, жарым отурукташкан жана көчмөн маданияттардын өз ара ширелишкен чектери өткөн, чарбалык укладдын ар кылдыгы менен айрымаланган чөлкөм катары маалым. Б.з. баш чендеринен тартып Орто Азия чөлкөмүн чыгыштан көп сандаган түрк тилдүү уруулар көчүп келип өздөштүрө башташкан. Көчүп келген уруулар жергиликтүү этносторду, алардын маданиятын өзүнө сиңирген, жергиликтүү этномданий абалды байытканы ырас. Ириде, Орто Азиянын чөлкөмдөрүн байыр алып туруп калышкан хуннулар, каңдылар, усундар, огуз уруулук бирикмелери (печенектер, уздар, он октор), кыпчактар, кыргыздар тарыхта өз издерин калтырышты. Жогоруда аты аталган этносаясий бирикмелердин калкы соңку доордогу түрк ж.б. тилде сүйлөгөн элдердин этностук жүзүнүн (эл болуп калыптануусу) калыптануусуна негизги ролду ойношту. Арийне, тарых жана этнология илиминде орто кылымдардагы түрк тилдүү элдердин (уруулардын) өз ара этникалык жана маданий алакалары кеңири, ар тараптуу иликтөөлөргө алына элек. Өзгөчө, орто кылымдардагы кыргыздар менен огуздардын байланыштары, саясий-экономикалык жана маданий алакалары боюнча атайын изилдөөлөр сейрек учурайт. Ошондуктан, элдик оозеки чыгармаларда, анын ичинде тарыхый фольклордо, санжыра-уламыштарда эскерилген маалыматтар кыргыз-огуз тарыхый-этникалык байланыштарын иликтөөгө бир тараптуу көмөк берери ырас.