Скачать

Кожожаш

«Кожожаш» — одна из самых древних архаичных малых эпосов кыргызского народа, повествующий о противостоянии и борьбе человека с природными стихиями. Книга включает все 3 сохранившихся варианта эпоса: Алымкула Усенбаева; Сулаймана Конокбаева и Толомуша Жээнтаева. Бесспорно самым поэтичным, художественно разработанной сюжетной линией, по композиционному построению и содержанию является вариант Алымкула Усенбаева.


«Кожожаштын» Алымкул Үсөнбаевдин вариантынан башка да фондуда сакталган Сулайман Конокбаев менен Төлөмүш Жээнтаевдин варианттары бар. Албетте, акындык чеберчиликтин эң бийик чокусуна жеткен Алымкул Үсөнбаевдин айтуусундагы «Кожожаш» сюжет куруму, мотивдердин берилиши, композициялык түзүлүшү жана мазмуну боюнча алганда толук кандуу көлөмдүү эпос. Алымкул Үсөнбаевдин айтуусунда Кожожаштын окуясы Таластын башы Караколдо өтүп, Кожожаш кытай уруусунан чыгат. Карыпбайдын жалгыз баласы кыраан мерген аталып, жыйырма түтүн кытайлар кошо көчүп жүрүп, тиричилик жасашат. Кожожаштын мергендигинин аркасы тийип, «элдин мал сойгон менен иши жок» жалаң кайберендин эти менен жан сактайт.