Скачать

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн тарыхын изилдөөлөрдөгү айрым маселелерге карата

1916-ж. улуттук-боштондук көтөрүлүш кыргыздардын гана тарыхы эмес, жалпы эле Борбордук Азиянын тарыхын окуп-үйрөнүүдө өтө орчундуу маселенин бири болуп саналат. Ошондуктан өткөн 100 жылдын ичинде көтөрүлүштүн себептерин изилдөө, анын башталышы жана жүрүшү, ошондой эле тарыхый маанисине кандайдыр бир деңгээлде (көбүнчө советтик-партиялык же саясий абалга байланыштуу) баа берүү аракети тынымсыз жүрүп келе жатат.