Скачать

Эр Эшим

Эр Эшим «калмак доору» аталган мезгилде — XVI— XVII кылымдардын аралыгында реалдуу жашаган адам, казак каны, поэма боюнча, айрым кыргыз санжырачыларынын берген маалыматтары боюнча анын тегин кыргыз-кыпчактан да чыгарышат. Бул баатыр туурасында айтылган аңыз-уламыштар казактарга Караганда кыргыздарда көбүрөөк сакталган. Орто Азия, Казакстан элдеринин оозеки поэтикалык чыгармалары генетикалык жагынан да, маданий байланыштын таасири астында да, ошондой эле коомдун тарыхый өнүгүшүнүн баскычтарынын окшоштугу менен да көптөгөн типологиялык жалпылыктарга ээ. Ушул туурасында Н. И. Кравцов: «Ар түрдүү элдердин фольклорун атайын изилдөөчүлөр гана эмес, ага кызыккандардын бардыгы ар кандай өлкөлөрдүн элдеринин оозеки поэтикалык чыгармаларында жалпы же окшош көрүнүштөр, сюжеттер, каармандар жана көркөм форманын окшоштуктары кездешээрин билишет»,— деп белгилеген эле (Русское народное поэтическое творчество, 1971, 353-б.)
Демек, «Эр Эшимди» тигил же бул элге таандыкташтырганда жогорудагы пикирди эске алып, өтө кылдаттык менен мамиле кылууну талап кылат.