Скачать

Арабизмы в "Кыргызско-русском словаре" К. К. Юдахина

“Кыргызско-русский словарь” К. К. Юдахина, дополненный и переизданный в 1965г., является не только двуязычным словарем переводов, но и отличным источником, где освоенные слова - арабизмы и иранизмы выделены специальным образом. Указанные в словаре арабизмы и их семантические группы были рассмотрены в труде К. Дыйканова. Автор приводит такую статистику: “Количество слов, помеченых как арабизм ар. – 958. Слова, созданные с этих слов с прибавлением кыргызских окончаний – 1115. Количество слов содержащие арабские и иранские компоненты – 103. В сумме всего 2177 слов, что составляет 5,75% словаря (Дыйканов 1980:32).”


Тарыхтан маалым болгондой, кыргыздар биздин замандын VI-VIII кылымдарында Орхон-Енисей жазуусун, андан кийин уйгур жазуусун колдонушкан. Кийинчерээк анын ордун араб жазуусу ээлегени белгилүү. Бирок колдо бар материалдардын негизинде кыргыздар араб жазуусун кайсы мезгилден тартып пайдалана баштаганын так айтуу кыйын. Окумуштуулар архивдик материалдарга таянуу менен кыргыздар XIX кылымдан баштап араб алфавитин пайдаланышкан деген пикирди айтышат (Шукуров 1952:70).
Араб сөздөрүнүн кыргыз тилине кирүү мезгили да кылдат изилденген эмес, бирок окумуштуулардын көпчүлүгү арабизмдер кыргыз тилине XVI кылымдан кийин, өзгөчө XIX кылымда жана XX кылымдын башында көп кирген деп эсептешет. Мисалы, Б.Юнусалиев кыргыз тилине жакын тектеш тилдердеги арабизмдер менен иранизмдерди салыштыруунун негизинде арабизмдер кыргыз тилине XII-XIII кылымдарда, а балким, кийинчерээк, XIV-XV кылымдарда кирген деген жыйынтыкка келген (Юнусалиев 1959:209). Мында ал 1635-36-жылдары кышында Каратегинге келген кыргыздар мусулман болбогонун, алардын уруу башчылары кийинчерээк гана ислам динин кабыл алышкан деген академик В.В.Бартольддун пикирине таянган жана азыр алардын укум-тукумдарынын тилинде арабизмдер менен иранизмдер башка кыргыз говорлоруна караганда абдан көп кездешерин белгилеп, түндүк кыргыздардын тилине алар мындан да кийинчерээк кирген болуш керек деген божомолду айткан (Юнусалиев 1959:227). Чынында эле XIX кылымдын орто ченинде түндүк кыргыздарга келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов бугу жана сарбагыш урууларынын тилинде араб жана фарсы сөздөрү дээрлик жок экенин, бирок эски түрк жана монгол сөздөрү көп экенин белгилеген.
Б.Юнусалиев араб сөздөрүнүн кыргыз тилине кийинчерээк киргенине далил катары алардын соо-саламат, аман-эсен, сый-сыпат, урмат-сый, күч-кубат сыяктуу кош сөздөрдүн курамында кездешерин келтирет. Анткени өздөштүрүлгөн сөздөр алгачкы мезгилде төл сөздөр менен параллель колдонула бере тургандыгы белгилүү.
Окумуштуулардын ою боюнча, араб сөздөрү кыргыз тилине тике кирбестен, коӊшулаш жашаган уйгур, өзбек, тажик жана казак тилдери аркылуу кирген. Анткени тарыхтан белгилүү болгондой, кыргыздар арабдар менен тике карым-катышта болгон эмес. Анын үстүнө кыргыз тилиндеги ар бир араб сөзү башка орто азиялык тилдерден сөзсүз кезигет. Мындан тышкары, азыр кыргыз тилинде көп колдонулган амалкөй, кадырман, жоопкер, мээнеткеч, кусадар, илимпоз деген сыяктуу сөздөрдүн уӊгулары араб сөздөрү болгону менен алардын –көй, -ман, -кер, -кеч, -дар, -поз деген мүчөлөрү иран тилдерине тиешелүү. Ушундан улам бул сөздөр кыргыз тилине ушул шекилинде даяр бойдон кирген деп жыйынтык чыгарууга болот жана бул дагы араб сөздөрү кыргыз тилине тике кирбестен, коӊшу элдердин тилдери аркылуу келип киргендигин көрсөтөт.
Азыркы кыргыз тилиндеги арабизмдердин өздөштүрүлүшүн ислам дининин жайылышы менен тыгыз байланышта кароо керек. Анткени ислам дини Орто Азиядагы тажик, өзбек, уйгур, казак сыяктуу элдерге салыштырмалуу кыргыз элине азыраак жайылгандыктан, мында араб тилинин таасири да азыраак болгон жана арабизмдердин саны да жогорудагы тилдерге салыштырмалуу азыраак. Мисалы, З.Акылбекованын маалыматы боюнча, көп колдонулган 500 арабизм өзбек жана уйгур тилдеринде толугу менен бар, ал эми каракалпак тилинде алардын 450сү, түркмөн, казак жана кыргыз тилдеринде 400ү, алтай тилинде 15и, тува тилинде 12си, хакас тилинде 10у гана колдонулат (Акылбекова 1966:242).

К.К.Юдахиндин 1965-жылы экинчи жолу толукталып басылган «Кыргызча-орусча сөздүгү» кош тилдүү котормо сөздүк эле болбостон, арабизм, иранизм сыяктуу өздөштүрүлгөн сөздөр атайын белгиленген мыкты булак да болуп эсептелет. Мындагы арабизмдер, алардын семантикалык топтору К.Дыйкановдун эмгегинде каралган. Автор арабизмдердин статистикасы боюнча төмөнкүдөй маалымат берген: «Арабизм катары ар. деп белгиленген сөздөрдүн саны – 958. Бул сөздөргө кыргыз тилинин мүчөлөрү жалганып жасалган сөздөр – 1115, ал эми арабча жана иранча компоненттен турган сөздөр – 103. Бардыгын кошкондо, 2177 сөз болуп, сөздүктөгү сөздөрдүн 5,75%ин түзөт» (Дыйканов 1980:32).
Бирок мында морфологиялык жол менен, башкача айтканда, мүчө улануу менен жасалган туунду сөздөр гана каралып, синтаксистик жол, башкача айтканда, сөздөрдүн айкашуусунан жаралган туундулар, айрыкча этиш туундулар эске алынган эмес.