Скачать

Аксаткын и Кулмырза

Аксаткын менен Кулмырза» кыргыз элине өтө кеңири тараган. Поэманын көптөгөн варианты, нускалары, үзүндүлөрү, аңыз-аңгеме түрүндөгү маалыматтар бар. Булардын көбү Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Мындан сырткары фольклор изилдөөчүлөр, окумуштуулар тарабынан эл арасынан жыйналган айрым варианттар мезгилдүү басма сөз беттерине, жыйнактарга жарык көргөн . Бул поэма эл арасында: «Мырза уул», «Кубаттын уулу Кулмырза», «Кулмырза менен Аксаткын», «Шамамат менен Аксаткын» ж. б. аттар менен тараган жана Кулмырза менен Аксаткын тарыхта болгон адамдар катары сүрөттөлүп, турмуш чындыгын баяндаган реалдуу окуя катары айтылат. Алай тарапта болгон деген уламыштар да кезигет. Негизинен түштүк тарапта кеңири жайылган. Дегеле, кыргыздар жашаган бардык аймактарда бар.