Скачать

Мелис Убукеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу

Ысык-Көлдө ит улуп же Мелис Убукеевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу

КРнын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Мелис Убукеев -алгачкы кыргыз көркөм шедеври “Тайгак кечүү” тасмасын дүйнөгө тартуулап, “кыргыз кереметине” жол ачкан алгачкы кыргыз кинорежиссеру. Ага кошуп, гениалдуу “Ак Мөөр” эксперименталдык көркөм тасмасын, теңдешсиз “Улуу манасчы: Саякбай Каралаевди”, “Манас ааламын” алтын казынага калтырган улуу инсан. Маркумдун жубайы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КТРКнын кызматкери Айсулуу Хамзамулина менен маектештик.

Чүрөктөй сулуу аялдарды көрүп чочугам
-Мелис менен “Акын” деген Алыкул Осмонов жөнүндө фильмин тартып атканда эпизоддук ролго ойноп тааныштым. Мен анда он тогузда элем. Андан кийин “Ак Мөөр” тасмасын тартты. Ал кезде биз жаңы үйлөнгөн элек. Биринчи жолу кино аянтчасына келсем, ал жерде Таттыбүбү отуруптур, чүрөк тимеле. Дагы башка супсулуу актрисалар жүрөт: “О, Кудай, менин күйөөм кандай сулуу аялдар менен иштейт?!” - деп чочуганым эсимде. Кино тартып бүткөнчө ошол жерде жүрдүм, мен үчүн баары абдан кызык болчу. Ал кезде мен анын ушунчалык улуу инсан экенин аңдаган эмесмин.

Айткулу Убукеев өгөйлөбөй бакты
- Мелиске тийгенден кийин Убукеев өз атасы эмес экенин билдим. Азыр деле көптөр билишпейт. Анткени жазуучу Айткулу Убукеев укмуштуудай жакшы адам болчу. Абдан боорукер, жүзүнөн нур төгүлүп турган тамашакөй жан эле. Мелиске энелеш өз уулу Жеңишти кандай көрсө, ошондой жакшы көрчү. Экөөнү такыр бөлчү эмес, өз уулундай мамиле кылчу. Мелиске абдан көп жардам берди. Атам менен да тааныш эле мурунтан. Мага да өз атамдай жакшы мамиле кылды. Ал кишиге шаардагы бүт чыгармачыл интеллигенция келип турчу, үйгө. Ошо чөйрөнүн таасиринде тарбияландым. Азыр Бермет деген кызы да бар, очор-бачар болгон, катышып турабыз. Мен уулубузду төрөп ооруканада жатканда, Айткулу Убукеев “өз чоң атасынын атын алып жүрсүн, баласында аты калбай калды” деп Сейиткерим деп коюптур. Ушундай жакшы киши болчу.

Ормон хандын небереси болгон
- Мелистин өз атасы Сейиткерим Ибрагимов партиянын көрсөтмөсү менен Тажикстанда совминдинби, обкомпартиянынбы төрагасы болуп иштептир. Кайненем ага он беш-он алты жашында тийген экен. Мелис экиге чыкканда, 1937-жылы репрессияга кетип, дайынсыз жок болот. Кайненем жалгыз, белди бек бууп, окуп, иштеп жүрүп Убукеевге тиет. Ал Караколдон Фрунзеге келип “Чалканда” иштечү экен. Баласын да ага каттатып, “эл душманынын баласы” деген жаман сөз, жаман көздөн сактап калат. Бир кезде Надежда Крупская менен жолугушкан чыныгы партиянын кишиси эле. Абдан кыраакы, кыйын аял болчу. Финансы министринин орун басары, аялдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеди. “Эки жолу күйөөгө чыктым, экөө тең мага бир жолу да бир ооз жаман сөз айтышкан эмес”, - деп калчу.

Архивде каты калыптыр
- Сейиткерим Ибрагимовдун Сталинге жазган катын көргөм, союз урагандан кийин Мелис архивден таап чыкты: “Троцкист да, оппортунист да эмесмин. Партиянын мүчөсүмүн. Үй-бүлөм, балам бар, эч күнөөм жок”, - деп жазыптыр. Накта партиянын кишиси экени көрүнүп турат. Бирок ата-жотосу боюнча түздөн-түз Ормон хандын небереси экен. Атылбай эле штрафбатка айдалып, Сталинграддагы катуу кыргында каза болсо керек. Мелис балдарына “Ормон хан” деген китепти белек кылган эле. Окуп көрсөм, Ормон хандын кичүү аялы казак кызы экен. Ал жөн аял эмес, төкмөлүк, ырчылык жайы бар, өнөрлүү аял болуптур. Мелистин чоң аталары ошол аялдан төрөлүптүр.

Мелис табиятынан “оппозиционер” эле
- Тоталитардык мезгилде эле “Манасты” колго алып, бардык вариантын окуп, изилдей баштады. Тобокелчил эле. “Манасты” эле эмес, кенже эпосторду, дүйнө элдеринин эпосторун, бардык диндерден бери түбүн казып, аңтарып окуп чыкты. Жашыруун сырларын издеп, салыштырып. “Манасты” Мелисчелик билгендер жок эле. Алтайга барды, Кытайга барды, Ленинградга Чыгыш музейине барды, тарыхый буюмдарды, костюмдарды да изилдеп. Фильмде баары тарыхтагыдай болсун деп. Гумилевго жолугуп көптү билди. Мүмкүн, эрте өлгөнүнүн себеби да ушул болдубу деп ойлойм. Анткени мындай жашыруун сырга кирүү коркунучтуу да. Ал буга абдан терең кирип кеткен да. Саякбайды да алгач толук тартып калган Мелис болгон, Болот Шамшиевден мурда. Азыр анын кадрларынан үзүндүлөрдү тынбай берип атышпайбы теледен. Атын атабай эле туш келди пайдаланып атышат. Манасчы Орозбаковду да абдан сыйлачу. Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемеси боюнча чоң сценарий жазып, укмуштай даярдык менен чоң фильм тартууну баштаган эле. Боз үйү өрттөнүп, ичи күйгөндөр бут тосуп атып, тарттырбай коюшту. Анан ишсиз жүрдү, көп кыйналды. Болот Бейшеналиев карый электе тартып калсам дечү Манастын ролуна. Жок дегенде эпостук мультфильм тартсам деп да эңсечү. “Семетейди”, “Сейтекти”, кенже эпосторду да укмуш баалачу. Изилдеп атып шумдук жакшы диссертация жазып салды. Үйдө тынчтык. Шыбырашып сүйлөшүп, буттун учу менен басчубуз. Ал тарткан нерселерди азыр эч ким тарта элек. Кыргыз искусствосунун антологиясы болуп калды. Аныкынан өткөн тасма жарала элек. Алгачкы фильми “Тайгак кечүү” жакшы сыйлыктарды алганда, казактар аны “Кыз Жибекти” тартууга чакырышкан. Даярданып, жакшы киришкенде: “Эмне үчүн кыргыз тартат?” - деп кызганышып, кайра алып алышты. Өздөрү тартканы тарыхый эмес, “фильм-жомок” болуп калды.

“Барбай эле койбойлубу, ит улуганда жаман болчу эле”
- Мелис мени да көп нерсеге үйрөттү. Андан көптү билдим. КТРда көлдүк Таштанбек Акматовду тартып калдык. Эртеси Бүркүт деген айылга бармакпыз. Шоопур “жол жаман, кар-күрткү, барбайбыз” дейт. “Жок, барабыз”,- деп мен болбойм. Кечинде ошентип сүйлөшүп отурсак эшикте ити улуп эле атат, улуп эле атат, басылбай. Редакторум да: “Барбай эле койбойлубу, ит улуганда жаман болчу эле”, - деди. “Жок, эчтеке болбойт”, - деп бардык. Кайра келдик. Келсем үйдө кат жатат: “Мелис ооруканада”, - деген. Жуунуп алып чыгайын деп атсам чалышты. Балдар күтүп атат, тез кел деп. Көзү өтүп кетиптир көрсө. Мени аябай күтүптүр. Күтүүсүздөн, бат эле кете берди.

Даярдаган
Алтынай ТЕМИРОВА

Де-факто кезити, март 2012 ж.