Скачать

Витязь в тигровой шкуре ("Жолборс терисин кийген баатыр")

Дасыккан адабиятчылар менен таланттуу котормочулардын далай сынынан, алтымыш беш миң окурман баамынан өткөн жана көптөгөн калемгерлердин сөз өнөрүн өркүндөтүүсүнө өбөлгө түзгөн Шота Руставелинин айтылуу дастаны Алыкул Осмоновдун эркин котормосунда 70 жыл ичинде алты ирет басылганы адабияттагы өзгөчө көрүнүш. Анткени түп нускадагы эң мыкты чыгармалар деле кайра-кайра китеп түрүндө чыгарылышы чанда кездешет.
“1937-жылы Москвага бара жатып да, кайра келе жатып да ШотаРуставелинин «Жолборс терисин кийген баатырын» подстрочный котормосун, ал жөнүндөгү кээ бир макалаларды окуп жана ошону которууну ойлодум. Бул санаа мени көп уйкулардан калтырды. «Чоңойдум, эр жеттим, эми бир зор иш кылбасам, менин Алыкул атым кайсы?» дейм. «Эгер бул иш менин колуман келбесе, анда мен чабал акынмын, колуман эчтеке келбегени» деп ойлойм. Буга кошумча бул укмуштуу поэма мени аябай кызыктырды.
1938-жылдын май айынан баштап ушул улуу поэманы которууга кириштим. Поэмадан ажырай албайм, көп убактарда таң атканга чейин олтурам. Окуйм, котором, таң калам, кубанам!.. Дүйнөдө мен гана бактылуумун деп ойлойм!
Акыры Фрунзеде, Токмокто, Ошто, Москвада жүрүп которуп, 1939-жылдын апрель айында Москва алдындагы Малеевка деген жазуучулардын дачасында бүттүм. Китеп 1940-жылы Казандан басылып чыкты.
Бир жылдан соң айылдан Тариэл, Автандил, Тинатин, Даражан деген жаңы туулган балдардын, кыздардын атын уга баштадым. Демек китеп кыргыз элине жетип жана аябай жаккандыгы билинет… “
Алыкул Осмонов