persons_img/Тууганбай_Абдиев.webp

Полное имя: Тууганбай Абдиев
Дата рожд.: 1937-жылы, 3-май
Место рожд.: Токтогул районунун Ничке-Сай кыштагы
Дата смерти: 2009-жыл
Гражданство: СССР, Кыргызстан
Награды: Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени, 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти


Биография
Төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев (1937–2009) Токтогул районунун Ничке-Сай кыштагында 1937-жылы 3-майда туулган.

Өмүр таржымалы
1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө,

1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейинТоктогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген.

Алгач устаты Коргоолдон комуздун коштоосунда ырдоону, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды айтууну үйрөнгөн.

Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуузалкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.

Чет мамлекеттерде чыгармачылык гастролдо болуп, кыргыз искусствосун даңазалаган.

1993-жылы «Ак таңдай–93», 1995-жылы «Манас–1000» эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон,

Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.

1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген наам берилген.

1990-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери
Кыргыз тилинде
Таңшы комуз: Ырлар жыйнагы. Ф.: Кыргызстан, 1979. 64 б.
Ыр канатында: Ырлар жана термелер: Тестиер балдар жана өспүрүмдөр үчүн. Ф.: Мектеп, 1984. 44 б.
Залкарлар. Замандаштар. Чоңколор: Эскерүүлөр, айтыштар, ырлар жана чакан аңгемелер. Б.: Кыргызстан, 1999. 272 б.
Колдонулган адабият
Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.