Скачать

Котормо таануу илимине киришүү

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов алгачкы «калем акысы» болгон бир жилик этти орусчадан кыргызчага, кыргызчадан орусчага которуп, тилмечтик кылуу менен алган экен. Жазуучунун эскерүүсүнө караганда, бул мындай болот: Жайлоого алып келишкен зоот айгырлардын бири уу чөп жеп алып, өлүп калат да, ушундан улам жакадан келген орус зоотехник менен жылкычылар тил билбегендиктен, бири-бирин түшүнө албай коюшат. Айла кетип турганда, жылкычылардын бири эстей коёт да, беш-алты жаштагы Чыңгызды алып келишет. Жергиликтүү жылкылар уу чөптү жебесин, ал эми зоот айгыр аны билбестен жеп алып, өлүп калганын которуп айтып бергенде, тигилер бири-биринин кебин түшүнүп, ыраазы болгондуктан, Чыңгызга бир жилик эт беришкен экен. Адамдардын күндөлүк турмушундагы ушул чакан бир эпизоддон эле котормо ишинин канчалык зарыл, керектүү экенин байкоого болот.