Скачать

Тил илимине киришүү

Тил адам баласынын коомдук турмушунда өтө чоң ролду ойнойт. Мына ошондуктан тилдин ички сырын билүү маселелери адамдарды байыркы замандан тартып эле кызыктырган. Адамдар тилдин табиятын жана закондорун үйрөнүүгө багытталган байкоолорун миңдеген жылдар жүргүзүп келишкен.
Тил — коомдук көрүнүш. Ал коомдук өндүрүштүн өнүгүшүнүн негизинде пайда болот жана коомдук өндүрүштө адамдардын эмгегин координациялап турат. Тил ойлоонун билдирүү формасы болуп эсептелет, ошону менен бирге эс-акылдын калыптануусунда эң маанилүү орунду ээлейт. Тил адамдардын тажрыйбаларын, билимдерин сактоонун жана аларды укумдан тукумга жеткирүүнүн куралы болуп эсептелет. Азыркы мезгилде дүйнө жүзүндө эки миңге жакын ар түрдүү тилдер бар. Тил илими тилге таандык ар түрдүү закон ченемдүүлүктөрдү изилдеп, алардын сырын ачууга багытталган иштерди иш жүзүнө ашырат.