persons_img/Ысман_Кожомбердиев.webp

Полное имя: Ысман Кожомбердиев
Дата рожд.: 1928-жыл
Место рожд.: Ош облусу, Сузак району, Үч-Малан кыштагы


Биография
1928-жылы Ош областына караштуу Сузак районунун Үч-Малан кыштагында туулган. Көк-Жаңгак шаарында жети жылдык орто мектепти бүтүргөндөн кийин индустриялык багыттагы атайын кесиптик окуу жайын аяктап, шахта жол көрсөтүүчүсү кесибине ээ болгон. 1945-жылдан тартып Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында, жогорку окуу жайда тарых факультетинде окуган. 1954-жылга чейин Ленинград шаарында профессорлор А.Н.Бернштам, М.П.Грязновдун жетекчиликтери астында аспирантурада таалим алган. 1958-жылдан тартып байыркы көчмөндөрдүн археологиялык маданияты, тарыхы боюнча изилдөөнү максат кылып, өмүрүнүн акырына чейин талбай уланткан. Алтымыштан ашык илимий эмгекти жазган. Кыргыздан чыккан алгачкы археолог агайдын эмгектери аркылуу окумуштуулар байыркы көчмөндөрдүн искусствосун, каада-салттарын тереңдетип билди. Белгилүү окумуштуулар менен болгон байланышы аркылуу Кыргызстан археологиясынын изилдөө алкагын кеңейтти. Элмира аттуу ата жолун жолдогон археологду тарбиялап өстүрдү.

Ысман Кожомбердиевдин Борбордук Азия, Кыргызстан археологиясына кошкон илимий салымын аныктоо үчүн «Манас» университетинин студенти Айсулуу Асангариева дипломдук иш жана магистрлик диссертация даярдаган.

Иштемчил, өз ишине берилген кыргыздан чыккан биринчи археологдун илимий ишинин натыйжалары Кыргызстандын байыркы маданий тарыхын окуу китептеринде, мамлекеттик музейинин көргөзмөлөрүндө үзгүлтүксүз чагылдырылып келе жатат. Кетмен-Төбө, Чүй өрөөнүндөгү сактар, хуннулар мезгилиндеги искусство, материалдык маданият боюнча жазылган эмгектери илимий жактан баалуу.