Скачать

Саясат таануу (энциклопедия)

Кыргызстанда граждандык коомду жана демократиялык укуктук мамлекетти курууда саясий аң-сезим жана саясий маданияттын жогорку деңгээлин калыптандыруу жана өнүктүрүү зарылдыгы күн өткөн сайын өсүүдө. Саясат, саясий система, бийлик түшүнүктөрү бүгүнкү коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгүнө айланууда. Ошондуктан, учурда саясат таануу илиминин күндөлүк турмуштагы теориялык жана практикалык мааниси жогорулоодо. «Саясат» түшүнүгү байыртадан эле белгилүү болсо да, илим катары адегенде 16–18-кылымдарда Батыш Европада, кийинчерээк Америка Кошмо Штаттарында калыптанган. Ал эми Кыргызстанда болсо, 20-кылымдын 90-жылдарынын башында гана өз алдынча илим катары бөлүнүп чыгып, жогорку окуу жайларынын окуу программасына киргизилген. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып даярдалган тармактык энциклопедиялардын бири болгон бул эмгек «Политология» (авторлору А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов) деген ат менен 1996-жылы жарык көргөн кыскача сөздүктүн кайрадан иштелип, жаңы маалыматтар менен толукталып чыгышы. Энциклопедиялык бул басылма эки бөлүктөн турат. Обзордук бөлүгүндө саясат таануу илиминин теориялык маселелери, предмети, тарыхы, ошондой эле Кыргызстандагы саясий ой-пикирдин өнүгүүсү, анын өзгөчөлүгү, жалпы эле бийлик, учурдагы саясий системалар, режимдер, саясий институттар, идеология, саясий аң-сезим жана саясий маданият, саясий конфликттер, Кыргыз Республикасындагы адамдын конституциялык укуктары жана эркиндиктери жөнүндө кеңири баяндалган. Экинчи бөлүгүндө саясат таануу илимине таандык терминдер, алардын ичинде кыргыздардын саясий тарыхынан жана бүгүнкү саясий турмушунан алынган түшүнүктөр, чет элдик белгилүү саясат таануучулардын, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөгө катышкан, репрессияга дуушар болуп, кийин акталган тарыхый инсандардын айрымдарынын таржымалдары, республикадагы саясий партиялар жөнүндө жана башка макалалар алфавиттик тартипте жайгаштырылды. Бул энциклопедиялык окуу куралын даярдоодо 500дөн ашык монографиялар, энциклопедиялык басылмалар, көркөм жана публицистикалык эмгектер пайдаланылды. Тарых илимдеринин доктору, профессор А. Акунов башында турган Т. Ожукеева, К. Байболов, Б. Солтонбеков ж. б. авторлор, ошондой эле редакциянын кызматкерлери бул басылманын жарык көрүшүнө жигердүү салымдарын кошушту. «Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы студенттерге гана арналбастан, жалпы эле саясатка кызыккан окурмандардын саясий илим алкагындагы суроо-талаптарын канааттандыруу максатында түзүлдү. Бул эмгек жөнүндөгү сын-пикир, сунуш жана толуктоолоруңуздарды төмөнкү дарекке жибериңиздер: 720040, Бишкек ш., Эркиндик проспекти, 56, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү. Асанов