persons_img/Уркаш_Мамбеталиев.webp

Полное имя: Уркаш Мамбеталы уулу
Дата рожд.: 1935-жылы
Место рожд.: Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-суу айылы
Дата смерти: 2011-жыл, 18-июнь
Гражданство: СССР, Кыргызстан


Биография
Уркаш Мамбеталиев Кыргыз элинин эл артисти , акын жана манас аткаруучу катары калайык журтка таанымал. Ал 1935-жылы Ысык-Көл областына караштуу Түп районундагы Талды-суу айылында туулган. Ата-энеден эрте калып атасы менен уялаш агасынын колунда чоңоеот. Бала кезинен сергек, ырга жакын шыктуулугу ошондо эле байкала баштайт. Мектеп билиминен кийин Фрунзеге атайын музыкалык окуу жайга келип кирип, аны 1952-жылы бүтүрөт. Андан соң А. Малдыбаев атындагы опера жана балет теятрынын алдындагы студияны окуйт, ошентип эмгек жолун кыргыз драма теятырында баштап, кийин филармонияга артист болуп иштеп жыйырмадан ашуун жыл эмгектенет.
Уркаш Мамбеталиевдин чыгармачылыгына көнүл салганыбызда, бул адамдын чыгармачылык табиятынын көп кырдуулугун байкай алабыз. Артистик талантынан сырткары , мыкты “Манас” аткаруучу, ал эми ыр, поезия дүйнөсүнө келгенде поезия чебери.
Акындын “Манас” айтуу өнөрүнө чейин анын поэзия чебери катары изденүүсү жөнүндө сөз кылсак. Музыкалык окуу жайда , студияда окуп жүргөндө эле азын-оолак ырларды жазып, өзү тендүүлөрдү арасында белгилүү болуп калат. Ошону менен катар элдик дастандардан, уламыштардан, кенже эпостордон айтыпт коюп жүрөт, алсак “ Жоодарбешим” , “Сейитбек” өңдүү элдик чыгармаларды мыкты өздөштүрөт. “Манастан” үзүндүлөрдү аткарып жүрөт. Кыскасы акындын поэзия дүйнөсүнө тартылып изденип калуусуна бир эске тутуп калуусу, элдик ырларды, мукамдуу обондорун маашырлана угуп өз дүйносүнө кабылдай жүргөнү чон өбөлгө болот.
Акындын бүгүнкү күнгө чейин алты , жети ырлар жана поэмалар жыйнагы, дастандары жана өзүнүн “Манас” эпосу боюнча вариянты элдин таразасына коюулду.
Ал эми Уркаш Мамбеталиевге тиешелүү жагдайды, акын кандайдыр бир деңгээлде “Манас” эпосунун теятыр сахнасында жашашында бирден-бир негизги салымдарды кошкон, эпостун оозеки формасынан, китептик үлгүсүнөн сырткары, үчүнчү катмарында өнүгүүсүнө өбөлгө болгондугу биз үчүн өтө баалуу. Уркаш Мамбеталиев эпосту адегенде эле ичинен угуп жүрүп, кийин Саякбайдай устаттын өз оозунан тыңдап, натыйжада китептик үлгүдөн жаттап, аткаруу техникасын үйрөнгөндүгү кыйла убакытты алгандыгы сезилет. Эки жактуу күчтүү таасир: бири угуп эске тутуу, экинчиси жаттап үйрөнүү, үчүнчүсү бара-бара өзүнүн шыгына жараша көркөмбоекторду кошуп импровизациялоого жетишкени албетте суктанууга арзырлык. Ушул жагдайда алганда акындын Манас аткаруу жөндөмүнүн күчттүүлүгүн белгилөөгө болот.
Эпостун сюжеттик коллизиясы толугу менен сакталып, айрым бир эпозддук сүрөттөлөрдө кошумча сапаттар кирип , импровизацияланган . Албетте , бир киши айткандай, ыр сапаттары трафареттик мүнөздө сакталуусу керек деген талап оозеки айтуучулукта жок. Айтуучулук өнөрдө, өзүнүн мурунку устатынын талантынын аффкетацеяланып, үйрөнчүк “Манас” айтуучулар тексти өздүк афтизими менен иштеп чыгуу сейрек көрүнүш. Уркаш Мамбеталиевде тубаса айтуучулук толугу менен болбосо да, көмөкөйдөн аткаруу, кабылдоо жана эске тутуу , жамакчылык , жорго тили байкалбай койбойт. Ошол себептен улам Уркаш Мамбеталиевди биз мыкты “Манас” аткаруучу катарында кабылдаганбыз бкеринен эмес көп кырдуу акын, өз доорунун таланттуу уулдарынын бири Уркаш Мамбеталиев азыр ардактуу эс алууда . Азыр да болот калемин колунан түшүрбөй изденип , Манасчылык өнөрүн элге тартуулап турган учуру.