Скачать

Петроглифы Саймалы-Таша, Иссык-Куля и Кетмень-Тюбе

Кыргызстан - аска бетине тартылган ар түрдүү сүрөттөргө бай өлкө. Деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте жайгашкан аска таш бетиндеги сүрөттөр жайгашкан жерди кыргыздар илгертен «Саймалуу-Таш» деп аташкан.

XX кылымдын башында Саймалы-Ташты жакшы билген кыргыздар Орусиядан келген жер иликтөөчүлөргө көргөзүшкөн. Алар Бартольд негиздеген «Түркстандагы археологияны сүйүүчүлөр ийриминин» жыйынында маалымат беришет.

Ошол мезгилден тартып, бир кылымдан ашык мезгилден бери изилдөө иштери уланып келе жатат. Келечектеги жүз жылда анын сыры толук ачылбайт, изилдөөлөр дагы улана берет. Себеби археологиялык изилдөөдө таштагы сүрөттү таап алуу эң оңой болгону менен ар бир сүрөттүн анык маанисин чечмелөө кыйын. Мисалы, 2-3 миң жыл илгери сүрөттү тартууда сүрөтчү «Кандай максатты койгон, эмне ойду чагылдыргысы келген?, Эмне үчүн алар бийик тоого чыгып келип сүрөт тартышкан?» деген суроого толук жооп берүү кыйын. Албетте, ар бир изилдөөчү өз дараметине жараша жооп бере алат. Бирок эң акыркы жоопту эч ким бербейт, бере да албайт.

Мына ошондой оор суроого өз учурунда жооп издегендердин арасында биздин окумуштуулар Ысман Кожомбердиев жана Галина Помаскина (Агафонова) болгон. Азыр алардын өздөрү жок, бирок эмгеги калды. Адис археолог окумуштуу үчүн бул илимий эмгектин мааниси абдан жогору. Эми ал эмгек жалпы окумуштуулар үчүн көөнөргүс илимий булак даражасын алып отурат. Аларга чейин, алардан кийин дагы Б.М.Зимма, А.Н.Бернштам, Я.А.Шер, А.И.Мартынов, К.И.Ташбаева өңдүү окумуштулар бул эстеликти изилдеп, өз пикирлерин илимий басма беттеринде жарыялашкан. Дагы изилдөө улантылып жатат жана уланат.