Скачать

Кыргыздардагы «уча» салты жана анын тарыхый-этнографиялык параллелдери

Ар бир элдин өзүнө таандык кайталангыс маданияты, ага байланышкан каада-салттары, калыптанган расмилери бар. Каада-салттар, элдик расмилер аркылуу этностун заттык жана руханий маданиятын, чарбалык укладын, калк жашаган аймактын флорасы жана фаунасын иликтеп үйрөнүүгө болот. Мындан сырткары, каада-салттар, ага байланыштуу келип чыккан ар түрдүү расмилер этникалык мүнөзгө ээ болуу менен этностун (этнографиялык топтун) философиялык-диний түшүнүктөрүнүн эволюциясынан да кабар берери абзел.