Скачать

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү

1995-2002 жж. камтыган 7 жыл ичинде кыргыз тилинин жазуу эрежелери 2 жолу жаңыртылган. Бирок ал эрежелер кыргыз тилинде сүйлөп жана жазган атуулдардын калыптанган тил сабатына туура келбегендиктен, коомчулукка кеңири кабыл алынып кеткен эмес. Бул өзгөртүүлөр кыргыз тилинде сабаттуу, туура жазуу маселесин ого бетер чаташтырып жиберген. Ушул жагдайларды чечүү максатында бул сөздүк 1983 ж. басмадан чыккан Х. Карасаев түзгөн «Орфографиялык сөздүктүн» негизинде, КР Жогорку Кеңешинин 2008- ж. 26.06 № 567 токтому менен бекитилген «Кыргыз тилинин жазуу эрежелерине» ылайык, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору тарабынан толукталып, кайрадан иштелип чыккан. Сөздүк 80 000 сөздөн турат.