Скачать

К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сөздүгүндөгү» этнографизмдер

К.К.Юдахиндин 1965-жылы жарык көргөн «Кыргызча-орусча сөздүгү» жөн гана кош тилдүү котормо сөздүк эмес, кыргыз тилин, дүйнө таанымын, маданиятын, каада-салтын чагылдырган энциклопедиялык эмгек экени жалпыбызга маалым. Мезгил өткөн сайын сөздүктүн баасы артып, бүгүнкү күндө ал ар түрдүү илим тармактары үчүн маанилүү булакка айланды.
Бул жолу биз атактуу лексикографтын эмгегиндеги этнографиялык маалыматтарды камтыган сөздөрдү, башкача айтканда, этнографизмдерди өзүнчө жарыялоону эп көрдүк, анткени алар эл оозунан дээрлик бир кылымдай мурун жыйналгандыктан, бүгүнкү кыргыз элинин этнографиясын изилдөөчүлөр үчүн баа жеткис булак болуп берери шексиз. Албетте, биз К.К.Юдахин өзү сөздүгүндө этн. деп белгилеген гана сөздөрдү терип алдык.

«Кыргызско-русский словарь», изданный в 1965 году К. К. Юдахиным, представляет собой не просто двуязычный переводной словарь, а энциклопедический труд, отражающий кыргызский язык, мировоззрение, культуру, традиции. Со временем значение словаря возросло, и сегодня он стал важным ресурсом для различных областей науки.
В этот раз мы решили опубликовать отдельно слова, содержащие этнографическую информацию, то есть этнографизмы. Они были собраны почти сто лет назад, они, несомненно, будут бесценным источником для исследователей этнографии кыргызов сегодня.