Скачать

Эпос "Манас". Второй том

Бул эпизодду манасчы С. Каралаев эпостун биринчи “Манас” бөлүмүндө эмес, экинчи бөлүмүндө - “Семетейде” айтып жаздырган. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда жалпы эпосту айтуучулардын арасындагы салт боюнча жеке эле С. Каралаев гана эмес, башка манасчылар да “Көкөтөйдүн ашын” “Семетей” бөлүмүндө айтышкан. Ушул эпизодду эпостун “Манас” бөлүмүнө биринчи болуп алып келген Сагымбай деле аны мурда “Семетейде” айтчу экен.

Чынында чыгарманын окуяларын да Манастын Каныкейге үйлөнүүсүнөн кийин, “Чоң казаттан” мурун. Балким ушуну сезгендиктендир, айтор Саякбай да андан эпостун материалдарын 1968-жылы кайталап магнитафондук лентага жазганда эпизодду ушул жерге - жалпы окуялардын нугундагы логикалык өз ордуна алып келип айткан эле. Ошого таянып эпизодду биз да “Семетейден” алып келип, биринчии бөлүмдүн ушул жеринде берүүнү туура таптык.