Скачать

Чоң манасчы Саякбай жана ал айткан вариант

С. Каралаев айткан вариантынын көлөмү жактан эле манасчылар арасында биринчилик орунду ээлеген адам болбостон, эпостун мурдатадан элге кеңири белгилүү болгон бөлүмдөрүн бүт баштан аяк толук айткан жана жаздырган да жеке адам. Ырас, эл арасында айтылып жүргөн маалыматтарга караганда чоң манасчылардын көбү эпостун негизги үч бөлүгүн бүт аткаруучу экен. Айрым билген адамдар Чоюке да үч бөлүмдү бүт, болгондо да ушул биз жакшы билген С. Каралаевдин вариантына жакын айтканын эскеришет. Ал гана турмак Саякбай сыяктуу эле Чоюке да Сейтектен кийинки анын тукумдарынын иштери жөнүндө да айтканы белгилүү. Ошондой эле Сагымбай манасчы да эпостун негизги үч бөлүмүн бүт айтканы эскерилет. Биздин учурубуздагы манасчылардын арасында да эпостун үч бөлүмүн тең айтып жана жаздыргандар бир топ. Алардын катарына Саякбайдын өзүнөн башка Чокморов Мамбетти, Ырысмендиев Шапакты, Сазанов Багышты, Ыбырай Абдырахмановду ж. б. кошууга мүмкүн. Ошондой болсо да бул багыттагы Саякбай манасчынын орду өзгөчө. Анткени, биз үч бөлүмдү толук айтканын даана билген манасчылардын ичинен Чоюкеден материал такыр эле жазылбаган, Сагымбайдан биринчи бөлүм гана кагаз бетине түшүрүлгөн. Ал эми өзү менен доорлош манасчылардын арасында окуяларды толук жана кеңири планда, жогорку көркөмдүктө бергендиги боюнча Саякбайдын варианты өзүнчө бөлүнүп турат. С. Каралаев жараткан варианттын зор көлөмдүүлүктөн кийинки өзгөчө белгиси — эпостун мурдатан келе жаткан салттык туруктуу окуяларын толук камтып, кеңири планда бергендигинде.