persons_img/Эгемберди_Эрматов.webp

Полное имя: Эгемберди Эрматов (Жетимиш Алиев)
Дата рожд.: 1951-07-10
Место рожд.: Ош облусу, Пум айылы
Гражданство: СССР, Кыргызстан
Награды: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003), Кыргыз Республикасынын эл акыны (2011).


Биография

Эгемберди Эрматов (Жетимиш Алиев) (Кадамжай (Фрунзе) районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган) -акын,драматург жана журналист.

Эмгек жолу
Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернатта окуйт.
1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын,
1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүрүп,
Андан кийин «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий кызматкери болгон.
Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.
1990-жылдардын орто ченинде Кадамжай районундагы Көк-Талаа кыштагында жашайт.
Ал 2009-жылга чейин он жылдан ашык убакыт Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы Педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.
2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутаты.
2013-жылдын 29 апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы

Чыгармачылыгы
Чыгармалары 1970-жылдан басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. И.Чавчавадзенин чыгармаларын которуп басып чыгарууда тең автор болгон. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.
1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Кыргыз тилинде:
Ак дил: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 60 б.

Өмүр издери: Ыр китеп. – Ф.: Мектеп, 1984. – 80 б.
Туяктын ыры: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 68 б.
Саймалуу таш: Ырлар. – Б.: Адабият, 1992. – 144 б.
Махабат: Тандалма ырлар, поэмалар, трагедия. – Б., 1995. – 431 б.
Мухаммед пайгамбар: Поэма. – Б., 2003. – 300 б.
Т.Кулатов: Публицистика. – Б., 2008. – 230 б.
1-том. Махабат: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 416 б.
2-том. Исфайрам авазы: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 340 б.
3-том. Мухаммед пайгамбар: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 480 б.
4-том. Жети сулуу: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 448 б.
5-том. Чыгыш адабияты. Хикметтер: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 532 б.
6-том. Эсселер жана драмалар: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 336 б.
7-том. Заман кайрык: Чыгармаларынын жети томдук жыйнагы– Ф.: Бийиктик, 2011. – 340 б.

Коюлган драмалары
Аксаткын менен Кулмырза - Нарын областтык М.Рыскулов атындагы муздрама театрында коюлган (1988-жыл).
Жаңыл Мырза - Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган (1993-жыл)

Наамдары
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2003).
Кыргыз Республикасынын эл акыны (2011).