Скачать

Байтик баатыр

Кыргыздын кылым карыткан тарых барактарынын биринде Байтик Канай уулунун ээлеген орду, кылган кызматы бар. Өз учурунда бул адам акыл калчай билген кыраакы саясатчы жана аяр дипломат болгон. Бул туурасында тарыхчы Ж. Жакыпбеков мындай дейт: «Чүй кыргыздарынын манабы — Байтик, XIX кылымдын орто чениндеги Кокон хандыгы менен Россия империясынын ортосунда өзгөрүлмө саясий кырдаалды туура баамдап, кыргыздын солто урууларынын Россия империясынын карамагына өтүүсүнө түздөн түз салым кошту».