Скачать

Баскын. 1-том

Кыргыз элинин кылымдык тарыхын көтөрүп келе жаткан реалист сүрөткер, таасын илимпоз жазуучунун бул романы «Сынган кылычты» толуктайт. Жалпы тарыхый жүрүшкө түшкөн бир элдин экинчи жарымы, тагыраак айтканда, түндүк кыргыздын Россия империясынын оторчулук экспансиясына кабылышы берилет. Ошол үчүн роман «Баскын» деп аталат. Бу биринчи китеби сыяктуу, баскындын логикалык жыйынтыгы он алтынчы жылдагы трагедия толук көрсөтүлгөн «Чапкын» романы менен бүтөт.

Көптөгөн окурмандар күткөн бул китепти интернетке чыгарууга уруксаат берген Адил Касымбековго чоң ыраазычылык билдиребиз!