Скачать

Балыкооздун санжырасы

Акылбеков Алымбек жана анын уулу Алымбеков Тургунбектер тарабынан жазылып калган белгилүү манасчы Балыкооздун санжырасы “Отор хан” 2007-ж. чыккан “Алымбектин санжырасынын” биринчи бөлүгү болуп саналат. Бул санжырада негизинен арабдардын Самарканд шаарын басып алганга чейин (б. з. VIII к. башы) Талас, Фергана өрөөндерүндө жашап, Сыр-Дарыянын боюн гүлдөткөн кыргыздар, ишенген дини, башка огуз уруулары менен болгон карым-катнашы, баштарынан нечендеген кыйынчылык өткөрүп, бирдиктүү хандык түзгөндүгү жана араб халифатынын пайда болушу тууралуу кыс-кача маалыматтар айтылат. Санжыра жомок түрүндө жазылып калса да, анын каармандары, же алар катышкан окуяларды көптөгөн жазма, документалдуу материалдар менен салыштыруу аркылуу баалуу маалыматтарды алууга болот. Санжыра атайын тарых илимин окуган адистер менен окуучуларга жана жалпы эле кыргыз тарыхына кызыккандар үчүн сунуш кылынды.