persons_img/Мелис_Убукеев.webp

Полное имя: Убукеев Мелис Айткулович
Дата рожд.: 1935-жылы, 17-апрель
Место рожд.: Фрунзе (Бишкек) шаары
Дата смерти: 1996-жылы, 27-июль
Гражданство: СССР, Кыргызстан


Биография
Таланттуу кинорежиссер, манастаануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти - Убукеев Мелис Айткулиевич 1935 жылы 17 апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн, 1996 жылы 27 июлда дүйнө салган.

М. Убукеевдин “Тайгак кечүү”тасмасы, кыргыз кинорежисеру тарткан, туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

М. Убукеев “Манас” эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. “Манас” дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып 1962-ж. үч бөлүктөн турган “Саякбай Каралаев” аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн “Улуу манасчы” аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.

Мелис Убукеев Таттыбүбүнү алгач байкап, атайын айылына барып, аны актердук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган. Кийин Т. Турсунбаева “Ак-Мөөр” тасмасында Ак-Мөөрдүн ролун ойногон.

Эмгек жолу
1961 ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факултетин бүтүргөн.
1965 ж. ВГИКти (Бүткүл Союздук Кино Институту) Сергей Герасимовдун өнөрканасын бүтүргөн.
1972 ж. “Казахтелефильм” киностудиясынын режиссеру.
1974 ж. “Кыргызтелефильм” киностудиясынын режиссеру.

Тасмалары
1964 ж. “Тайгак кечүү” Кыргызфильм.(“Белые горы” башкача аты “Трудная переправа”) - 1964 ж. М. Убукеевдин дипломдук иши. Аталган тасма М. Элебаевдин “Узак жол” чыгармасынын негизинде тартылган, кыргыздардын 1916 жылкы кайгылуу тагдырын чагылдырган. Тасма 1965 ж. Алматыда өткөн бүткүл союздук Орто-Азия жана Казахстан өлкөлөрүнүн кинофестивалында 1 даражадагы Диплом менен сыйланган. Бул тасмада аялдын оюнун жараткан Бакен Кыдыкеева, эң мыкты аялдын оюну үчүн баш байгесин утуп алган.
1969 ж. “Ак-Мөөр”. Кыргызтелефильм. 1970 ж. Башкы оюнду жараткан - Т.Турсунбаева. Ленинградда өткөн бүткүл союздук кинофестивалдын Байгеси менен сыйланган.
1977-1978 жж. “Көрөгөч” сатирикалык тележурналынын 7 сериясын чыгарган.
1981-ж. “Элеттик роман” (Провинциальный роман)
“Акын” (Алыкул Осмонов жөнүндө)
“Жили-были”
1988-ж. “Улуу манасчы”
“Түбөлүккө кайрылуу”
1989 ж. “Акыркы манасчы” («Последний манасчи», 1989)
1995 “Вселенная Манаса”
Китептери
“Манас”-эпическая культура кыргызов : Опыт худож.-научного, культуролог.осмысления эпоса. - Б. Мурас. 1998.
Ал тууралуу
Эскерүү иретинде тартылган даректүү тасмалар (авторлору Леонид Дядюченко жана Саида Садыкова):

“По следам Барс–бега”
“Глазами Мелиса”
“О, великая степь”