Скачать

Ата-баладай устат-шакирт: Токтогул менен Калык

Токтогул көптөгөн шакирттерин жанында баласындай ээрчитип жүрүп телчитип, эл таанытып, жер көрсөтүп, ыр-күү деңизине чумгутуп, түлөктөрүн барчын кылып, ителгисин шумкар кылып учурган. Мына ошолордун бири устатынын ишеничин, мээнетин актаган, өлөөр өлгөнчө устаттарын даңктаган чоң таланттардын бири кара жаак Калык акын болгон.

Сен жаш жигит мен кары,
Сен элең Токоң жардамы!
Сен экөөбүз ырдасак,
Таң калчу кыргыз балдары!

Токтогул