Скачать

Асан, Жамал

«Асан, Жамал» поэмасынын сюжеттик негизин 1916-жылдагы кандуу көтөрүлүштөгү окуялар түзөт. Ал мезгил кан төгүлгөн кайгылуу окуя, татаал тагдыр, мүшкүл иш катары кыргыз элинин тарыхында «кара так» болуп жазылып калды. Эки жарым миң жылдан ашуун татаал тагдырлуу тарыхый жолунда элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн сактап келген чыдамкай-толеранттуу эл бу сапар да «башка келген балаага, башы көзүн садага» чабышып, түптүү элдин учугун үзбөй, ар-намыстуулук менен дүйнөдө КЫРГЫЗ деген аты бар элди сактап калышты. «Караңгы түн — элдин башын кошот» деген сөз мына ошондой эл башынан өткөргөн турмуштук тажрыйбадан пайда болгон. Калк башына каран түн түшкөндө салаалар бир муштумга түйүлө калгансыгандай ынтымакка бириге калган, ачуу-таттууну татыктуу көтөрө билген элдин ошондой касиеттеринин керемет күчү менен тиричилигибизди өткөрүп, дүйнө элдеринин катарында, жалпы цивилизациянын сапарында кербен тартып кетип барабыз.