persons_img/3-Osmonaalyi-Syidyik-uulu.webp

Полное имя:Осмонаалы Сыдыков
Дата рожд.:1875-жыл
Место рожд.:Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылы
Дата смерти:1942-жыл
Гражданство:СССР, Кыргыз ССР


Кыскача өмүр таржымакалы

Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган.
Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. Осмонаалы да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн.
Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет дооорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.
1920-жылдардын акыры - 30-жылдардын башында сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда Кытайга кетип калган.
Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. (Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгон экен).
1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан.
Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.
Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу “Ала-Тоо” журналында жана “Кыргыздар” көп томдук эмгегинде жарыялаган.
Кыргызстандын пост-советтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду.
1930-жылы аны эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин атууга өкүм чыккан.
Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан.
Мына ошол жолдо Осмонаалы Сыдыков кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон.
Осмонаалы Сыдыков болсо, ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен.
Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) безгек оорусунан каза болгон.

Эс тутум

2010-жылдын февралында (бирдин айында) Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет” аттуу китеп-көргөзмө уюшулду.
Кыргыздын тунгуч агартуучусу жана тарыхчысы Осмонаалы Сыдыковдун (Кыдык уулунун) 135 жылдыгына арналган бул китеп көргөзмөгө анын китептери, макалалары, ал жөнүндөгү маалыматтар, тарыхый сүрөттөр коюлган. Иш-чарага кызы Шарифа Осмонаалы кызы, неберелери, жазуучу Мелис Абакиров, Бактыбек Максүтов, “Кыргыз Туусу” гезитинин ошол кездеги башкы редактору, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, жалпыга маалымдоо каражаттары, илимий жана маданий кызматкерлер катышты.
2014-жылы 7-августта (баш оонанын 7синде) Нарын облусундагы Кочкор районунун борбору Кочкор кыштагындагы Маданият үйүндө тарыхчы Осмонаалы Сыдыковдун (Кыдык уулунун) тарых жаатындагы китептеринин жарык көрүшүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Ага кыргызстандык тарыхчы илимпоздор, акын-жазуучулар, коомчулук өкүлдөрү жандуу катышты. Тарыхчынын кызы Бүбүш Осмоналиева бул иш-чараны уюштургандарга терең ыраазычылыгын билдирди.

Ал тууралуу иликтегендер

Осмонаалы тууралуу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур, кыргызстандык тарыхчылар Арслан Капай уулу Койчиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Мурат Кожобеков, жазуучу, публицист Кеңеш Жусупов жана башка изилдөөчүлөр макалалар жана башка изилдөө эмгектерин жазышты.

Осмонаалы тууралуу кызы Шарифа Садыкова, Бүбүш Осмонаалы кызы калтырган макалалар да маанилүү.

Эмгектери:

“Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), Уфа (Өфө) шаары, 1913.
“Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”). 1914.
Сыдыков, Осмонаалы. Мухтасар тарых-и Кыргызийа / Баш сөз жазган Х.Карасаев. - Фрунзе: Кыргызстан, 1990. - 107,[4] бет, ил., факс. 17 см.