Скачать

Акылман Калыгул

Калыгул — өз учурунун деңгээлинен алда канча жогору көтөрүлүп, тарыхтын келечек нугун туура белгилей алган улуу инсандардын бири. Ал — ойчул-акылман, алдын ала туя билген олуя катары кыргызга гана эмес, казак, өзбек жана башка коңшулаш элдер арасында да замандаштарына кеңири белгилүү, зор кадыр-баркка ээ адам болгон. Анын мурастары калк ичинде бүгүнкүгө чейин кеңири айтылып,оозеки жашап келет. Узак жылдар бою Калыгул акылмандын айткандарынын эл ичинде кенен тарашына тыюу салынып келген эле. Бул жыйнакка Калыгулга таандык мурастардын бүгүн илимге белгилүүлөрү толук берилди. Ыр тексттеринен башка улуу ойчул жөнүндө түрдүү учурларда айтылган ой-пикирлердин негизгилери да тиркеме түрүндө жыйнакка киргизилди. Китеп окурмандардын кеңири катмарына, изилдөөчүлөргө, студенттерге, окуучуларга, мугалимдерге арналат.