Скачать

Акбермет. Качкан кыз

Кыргыздын элдик поэмаларынын катарында «Ак- бермет поэмасы» деп айтылып жүргөн чыгарма чындыгында бүтүндөй бир сюжетти камтыган көркөм чыгарма эмес. Бул тарыхта жашаган акын Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат.Болгону эле фольклор жыйноочу К. Мифтаков 1923-жылы Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурунда 9-июлда Таластын Орто-Кошой кыштагында жашаган Акберметке жолугуп, анын өмүр баянын, чыгармаларын жазып алат. Ал эми Тоголок Молдо жазган «Качкан кыз» деген поэманын тарыхы өзүнчө бир кызык. Элдик салттын мыйзам катары өкүм сүргөн айрым көрүнүштөрү далай кыз келиндердин тагдырына балта чапкан. Ал шордуулардын миңинин бири акыйкатсыздыкка каршы күрөшө алган. Ошол миңдин бири - Качкан кыз деген атка конгон көлдүк Каптагайдын кызы. XIX кылымдын акыры XX кылымдын башында жашаган тарыхый инсан. «Акбермет» менен «Качкан кызды» поэма дегенден көрө тарыхый ыр десек жанрдык белгисин аныгыраак көрсөтөт. Анткени бул ырлар, бир кезде тарыхтын белгилүү бир учурунда болуп өткөн реалдуу окуяны, конкреттүү адамдардын өмүр жолун баяндайт.