Скачать

Жусуп Мамайдын Семетейи жөнүндө сөз.

Жусуп Мамай салттык окуяга жаңыча түс берүү менен окуянын жана мезгилдин шартына ылайык бир нечелеген окуяларды кошумчалаганын көрөбүз. Бул окуяларда башынан бери сюжетке башкы каармандардан болгон Бакай, Жамгырчы, Семетей, Гүлчоро, Канчоро жана башка баатырлар катышуу ар биринин көрсөткөн эрдиктери, каармандык кайраткерлиги эпоско мүнөздүү болгон ар кыл поэтикалык ыкмада эпикалык закон ченемде сүрөттөлүп берилген. Буларга: Керимбайдын жасаган аракеттери, Кызылуюк дөө менен Мадыкандын жүргүзгөн кандуу кармашы, Семетейдин жалгыз көздүү Мадыкан дөөнү сайып, эжеси Кардыгач менен жездеси Карманапты куткарышы, Уусанкелдин көргөзгөн дүмөгү, Жубатай дөөнүн Гүлчоро менен болгон кармашы сыяктуу согуштук окуялар кирет. Аталган окуялар негизинен Жусуп Мамайдын вариантына гана таандык. Башка варианттарда бул окуялар учурабайт. Демек, эпоско киргизилген бул сыяктуу кошумчалар эпостун идеялык мазмунун, сюжеттик өзөгүн жаңыртуу менен ага кандайдыр бир окуянын өөрчүтүлүшүнө, баатырлардын жүргүзгөн күрөш аракеттерине кошумча дем ,күч берип жаткандай сезилет. Ошондуктан мындай алымча-кошумча жаңылыктарды кубаттоого гана болот.