Скачать

Жети эрдин өлүмү

Белгилүү акын А. Чоробаев «Жети эрдин өлүмү» деген легендасында өткөн замандагы бай, манап, болуш Касымбек менен Нурактын ортосундагы бийлик, байлык талашуудан улам чыккан урушту, анда кыйылган жети адамдын өмүрлөрү тууралуу баяндайт. Аш-той кедей-кембагалдардын гана эсебинен өткөрүлүп, ал эми манап, болуштар анын аркасында чардап, ойноп келишкен. Мына ушундай көрүнүштөрдүн биринде Касымбек менен Нурак тараптагылар кур намыстын айынан, бири-бирине каршы тукуруштан улам чабышып кетишет. Чыгарма карапайым элдин мүдөөсүн, тилегин чагылдыргандыгы көрүнүп турат.