Скачать

Жаңыл Мырза

«Жаңыл Мырза» — кыргыздарда күчтүү өнүккөн эпикалык поэзиянын кеңири белгилүү үлгүлөрүнөн. Элибиздин өткөндөгү турмушунун мүнөздүү жактары, үрп-адаты чагылдырылат. Эркиндикти жана көз каранды эместикти сактоо, гумандуулук, адилеттүүлүк үчүн баатырдык күрөш — чыгармалардагы башкы тема. Патриархалдык түзүлүшкө таандык уруучулук-тууганчылык мамилелердин татаалдашкан көрүнүштөрү салттык сюжетке айланып, муундан муунга өтүп, элдик идеалды даңазалаган көркөм чыгармалар катары жашап келет. Китепке экиден варианты берилди. Эпикалык салт кайсы айтуучуда кандай деңгелде сакталганын көпчүлүк окурман өзү талдасын.