Скачать

Улуу залкарлар Коргоол жана Калык

Бир нече миң жылдык карт тарыхы, көөнө маданияты жана улуу, ары даңазалуу көчү бар кыргыз элинде кандай гана хандар-бектер, атактуу кол башчылар, көйкашка баатырлар өтпөгөн. Бирок алар адашууну билбеген даанышмандардай, акылдын ээси – билгелердей, сөздүн ээси – чечендердей, талант ээси – ырчылардай эл арасында көп айтылбайт. Буга бир нече себептер бар. Аны териштирүү биздин максат болбогондуктан, туура эле бүгүнкү мезгилде түптүү кыргыз эли түп көтөрүлө мааракелерин өткөрүп жаткан эки улуу зат, кайыптан бүткөн зор таланттарга ээ болгон залкарлар жөнүндө кеп болмокчу.