Скачать

Сөз Башат. Этимологиялык этюддар

Эту небольшую книгу нельзя назвать систематически составленным этимологическим словарем в строгом понимании слова. Также не можем определить как научно-популярная литература. Во-первых, по стилю более близок научному стилю, во-вторых, по необходимости даны ссылки и указаны источники. Иначе наше толкование стали бы походить на народную этимологию. Поэтому данный труд будет правильным назвать этимологическими этюдами.


Китепте чечмеленген сөздөрдү el-sozduk.kg онлайн сөздүгүнөн ылдам таба аласыңар


Сѳздѳрдүн да кишилердики сыяктуу эле «ѳмүр баяны» бар. Албетте, анын баарын биз билбейбиз. Бирок адам баласы табиятынан ар нерсеге кызыкдар болгондуктан, сѳздүн тегин, кайдан келип чыкканын дараметине жараша билгенге, аныктаганга аракет кылат. Мисалы, «үй деген сѳз үйѳ бер дегенден келип чыккан экен» деген сыяктуу сѳздѳрдү тилек айтканда кѳп эле угуп жүрѳбүз. Бирок бул сѳз байыркы учурда эб түрүндѳ колдонулганын жана азыркы эпчи (боз үйдүн аялдарга тиешелүү жагы) дегендин уңгусу экенин тил илиминен кабары жок киши биле бербейт. Ошондуктан сѳздѳрдүн тегин ой келди эмес, ар түрдүү булактарга, тактап айтканда, тилдик материалдарга, сѳздүктѳргѳ, жазма эстеликтерге, тектеш тилдерге таянып аныктоо эне тилибизди таанууга, тарыхыбызды, каада-салтыбызды, маданиятыбызды, дүйнѳ таанымыбызды билүүгѳ жардам берери шексиз.

Ѳздѳштүрүлгѳн сѳздѳр да бизге кѳп нерселерди айтып бере алат. Мисалы, «аркардай кѳзү коюлган, аргендей үнү чоюлган» деп элдик ырлардан кездешкен арген сѳзү орус тилиндеги орган деген музыкалык инструменттин атынан улам пайда болгон. Бирок кѳбүнчѳ чоң чиркѳѳлѳрдѳ ойнолгон бул аспаптын аты кыргыздардын тилине кантип ушунчалык тез сиңип кетти экен? Кѳрсѳ, орто азиялык келгин орустар орган деп жогорудагы аспапты эмес, кѳчѳдѳ ойнолуучу шарманканы айтышчу экен. Же болбосо «борумуңдан боз бала, боздотпочу садага» деп секетпайда ырдалган борум сѳзү менен азыркы форманын бир эле сѳз экени таң калтырбай койбойт.

Бул чакан китепти системалуу түрдѳ түзүлгѳн этимологиялык сѳздүк деп айтууга болбойт. Муну илимий-популярдуу эмгек деп айтууга да болбойт, анткени, биринчиден, тили илимий стилге жакыныраак, экинчиден, зарылдыгына жараша шилтемелер берилип, булактар кѳрсѳтүлдү. Андай болбогондо, биздин ой-пикирибиздин жогоруда айтылган элдик этимология мисалынан айырмасы жок болуп калмак. Жогоруда айтылгандардан улам бул чакан эмгекти жѳн гана этимологиялык этюддар десек туура болчудай.

Китепте студенттерге окулган лекциялардын материалдары, тилге кызыктыруу максатында «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарга жарыяланган материалдарыбыз камтылды. Муну менен Константин Юдахин, Кусейин Карасаев, Карбоз Дыйканов, Касым Сейдакматов, Дѳѳлѳтша Исаев сыяктуу кыргыз тилчилери баштап кеткен кыргыз этимологиясынын жолун кичине болсо да улантууга аракет кылдык.

Китептеги айтылган ой-пикирлерди, божомолдорду кынтыксыз деп айтууга болбойт. Талаш туудура турган маселелер абдан кѳп. Элдик этимологиядан илимий этимологияга, божомолдон чындыкка карай кете турган этимология илиминин ѳнүгүү жолу да чынында ушундай. Ошондуктан ой-пикир айткандарга алдын ала ыраазычылык билдирип,аларды тѳмѳнкү даректен күтѳбүз:

taalay.abdiev@manas.edu.kg
taalaykambar@gmail.com

Таалайбек Абдиев
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти