persons_img/Таалайбек_Абдиев.jpg

Полное имя: Таалайбек Абдиев
Дата рожд.: 1964-жылы, 16-сентябрь
Место рожд.: Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк айылы


Биография
Абдиев Таалайбек 1964-жылы 16-сентябрда Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулган. 1988-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1989-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил институтуна стажёр-изилдөөчү болуп кирген. 1989-1991-жылдары Ленинград (Санкт-Петербург) шаарындагы СССР Илимдер Академиясынын Тил таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө (азыркы Лингвистикалык изилдөөлөр институту) такшалууда болгон. 1991-жылы ушул эле институттун аспирантурасына өтүп, 1994-жылы бүтүргөн. 1996-жылы Санкт-Петербургда профессор В.С.Храковскийдин жетекчилиги менен “Кыргыз тилиндеги каузатив этиштүү конструкциялар” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1996-97-жылдары “Кыргызстан” басмасында редактор, редактор-координатор болуп иштеген. 1998-жылдан баштап Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенет. Филология илимдеринин кандидаты, доцент. Азыркы учурда аталган университеттин Чет тилдер жогорку мектебинин директору.

Монографиялары
Абдиев Т. Конструкции с каузативными глаголами в киргизском языке. Бишкек, 2009.
Сөздүктөрү
Абдиев Т., Сыдыкова Л. Англисче-кыргызча сөздүк. Бишкек, 2000.
Абдиев Т., Сыдыкова Л. Англисче-орусча-кыргызча сөздүк (50 000 сөз бар, 97 басма табак). «Сорос-Кыргызстан» фонду, Бишкек, 2005.
Абдиев Т. Котормо таануу терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү. Бишкек, 2005.
Абдиев Т., Сыдыкова Л. Англисче-кыргызча, кыргызча-англисче сөздүк. Бишкек, 2006.
Абдиев Т., Абдыкулова Р. Түркчө-кыргызча орток сөздөр сөздүгү. (8,75 б.т.) Бишкек, 2008.

Окуу китептери
Тил башат. Кыргыз тили чет элдиктер үчүн. Башталгыч курс. (автордук жамаат менен бирдикте жазылган). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2002.
Тил башат. Кыргыз тили чет элдиктер үчүн. Орто курс. (автордук жамаат менен бирдикте жазылган). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2003.
Тил башат. Кыргыз тили чет элдиктер үчүн. Жогорку курс. (автордук жамаат менен бирдикте жазылган). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2003.
Тил башат. Көнүгүүлөр китеби. Башталгыч курс. (автордук жамаат менен бирдикте түзүлгөн). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2006.
Тил башат. Көнүгүүлөр китеби. Орто курс. (автордук жамаат менен бирдикте түзүлгөн). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2006.
Тил башат. Көнүгүүлөр китеби. Жогорку курс. (автордук жамаат менен бирдикте түзүлгөн). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2006.
Тил башат. Мугалимдер китеби. (автордук жамаат менен бирдикте түзүлгөн). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2006.
Абдиев Т. Котормо таануу илимине киришүү. (6,5 б.т.) Бишкек, 2008.
Кыргыз тили. Башталгыч курс. (автордук жамаат менен бирдикте түзүлгөн). Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басмасы, 2009.
Илимий макалалары
Каузативные суффиксы и их дистрибуция в киргизском языке // Функциональное описание языковых явлений. Санкт-Петербург, 1993, стр. 49-53.
Образование каузативных глаголов в киргизском языке (депонирована в ИНИОН РАН, № 50163 от 14.03.1995 г.)
Киргизский глагол в статистическом освещении // Лингвистические исследования. Сборник научных трудов ИЛИ РАН. Санкт-Петербург, 1996, стр. 65-71.
Кыргыз тилиндеги каузатив этиштүү конструкциялар // Тил жана адабият институтунун эмгектери. Бишкек, 1997, 51-57-б.
Конструкции с каузативными глаголами в киргизском языке // Вопросы языкознания. Москва, 1997, № 1, стр. 23-30.
Кыргыз тилиндеги этиш жөнүндө кээ бир статистикалык маалыматтар // Түркологиялык изилдөөлөр. Бишкек, 2000, 124-128.
Кыргыз тилиндеги –ыш мүчөсү // Түркологиялык изилдөөлөр. Бишкек, 2000, 129-133.
Kirgizca filler hakkinda bazi istatistik bilgiler // Кыргыз-Түрк “Манас университетинин Коомдук илимдер журналы. 2002, №2.
Кыргыз тилиндеги каузатив этиштердин семантикасы// Вестник КГНУ: Серия 1. Гуманитарные науки. –Вып. 3. Филология. Языкознание. Государственный язык. – Бишкек: КГНУ, 2001, с. 102-104.
Категория переходности-непереходности и образование каузативных глаголов // Вестник КГНУ: Серия 1. Гуманитарные науки. –Вып. 3. Филология. Языкознание. Государственный язык. – Бишкек: КГНУ, 2001, с. 109-112.
Квазикаузативы в киргизском языке // Вестник КГНУ: Серия 1. Гуманитарные науки. –Вып. 3. Филология. Языкознание. Государственный язык. – Бишкек: КГНУ, 2001, с. 100-102.
К.Г.Менгестин “Түрк элдери жана алардын тилдери” аттуу эмгеги жана анда кыргыз тили менен тарыхынын чагылдырылышы // Кыргыз этнонимине 2200 жыл. Бишкек, 2001.
Нужен ли инфинитив в тюркских языках? // Второй иностранный язык: современные технологии обучения. Издательство Кыргызско-Российского Славянского университета. Бишкек, 2003.
Ат, аттан кийин жат // Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Филология. Тил таануу, 3-4-чыгарылыш. Бишкек, 2002, 147-148-бет.
Англис тилинен кыргыз тилине которуунун кээ бир проблемалары // 2001-жылы 25-26-декабрда Жусуп Абдрахмановдун 100 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференциянын материалдары. Бишкек, 2002.
Конструкции с каузативными глаголами образованными от залоговых форм. // Академик Б.М.Юнусалиев жана кыргыз филологиясы. Бишкек, 2003.
Этиш формаларынын сөздүктө берилиши. // Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Филология. Тил таануу. Мамлекеттик тил. 3-чыгарылыш. Бишкек, 2005, 33-37-бет.
Түрк тилдериндеги мамиле формалары жана диатезалар менен мамилелердин универсалдык теориясы // Концепции развития языковой ситуации в Кыргызстане. Материалы Межвузовской научно-практической конференции. Бишкек, 2004, с. 214-221.
«Нутук-кептеги» которуу ыкмалары // Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Коомдук илимдер журналы, №15, 2006.
Türkiye Türkçesi ile Kırgız Türkçesindeki ortak kelimeler (sözlük tanıtımı) // Uluslar arası büyük türk dili kurultayı II, Bişkek, 2007, 25-29 Eylül.
Кыргызча котормолордогу тузак сөздөр проблемасы // Актуальные проблемы германского и тюркского языкознания. Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Бишкек, 2008, 15-20-бет.
Кыргыз тилиндеги этиштин кош мамилесинин айрым проблемалары // Актуальные проблемы германского и тюркского языкознания. Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Бишкек, 2009, 10-14-б.
Кыргыз тилиндеги кош мамиленин айрым проблемалары // Тил, адабият жана искусство маселелери, №3, Бишкек, 2009, 52-60-б.
Реципроктун лексикалашуусу жана айрым перифериялык маанилери // Казак тил билиминиң өзекти маселелери. Алматы, 2009, 43-47-б.
Этиштин кош мамилесиндеги деңгээлдер // Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Бишкек, 2009, 44-48-б.
Кыргыз тилиндеги рефлексивдин маанилери // Междисциплинарность в преподавании языков. Кыргыз улуттук университетинин жарчысы. Бишкек, 2010, 9-14-б.
Түркчө-кыргызча котормодогу айрым проблемалар // «Котормо жана анын келечеги» аттуу 2-эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары, Бишкек, 2010, 10-17-б.
Кыргыз тилиндеги пассивдин айрым проблемалары // И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы, Бишкек, 2010, 115-120.
Some Questions of Passiv in Kyrgyz Dialect // Türk Dünyası İncelemeleri Dergisi / Journal of Turkish World Studies, Cilt: X, Sayı 1, Sayfa: 1-9, İzmir 2010.
Этиштин мамиле категориясынын изилденишиндеги айрым маселелер (БГУга берилди)
Türk ve Kırgız dillerinde ettirgen ve anlamsal özellikleri // Вестник КазНУ, Алматы, №1 (135), 2012, 58-61-бет.
Türk ve Kırgız dillerinde ettirgen ve anlamsal özellikleri // VI. Uluslararası Türk Dili Kurultayı Bildirileri (2008, 20-25 Ekim), Türk Dili Kurumu, Ankara, 2012, s. 15-24.
Кыргызстандагы жаңы табылган жазма эстелик. // «Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында» аттуу Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын тезистери. Бишкек, 2013.
Kırgızcada Dönüşlülük (Refleksif) Üzerine // Bübüyna Oruzbayeva Armaganı. Türk Dil Kurumu Yayınları. Ankara, 2013. s. 19-34.
Türkçe ve Kırgızcadaki ‘Yılkı’ Kelimesi Hakkında // The Central Asiatic Roots of The Ottoman Culture. Istanbul, 2014. s. 689-692.
‘Boz-ok’ Kelimesinin Anlamı Hakkında // I Uluslararası Türk Devlet Yönetimi Geleneği Kongresi. Özetler. Bişkek, 2014.
Котормолору
Англис тилинен которулган китептер
Менин сүрөттүү сөздүгүм. (My pictured dictionary). Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1997.
Карл Генрих Менгес. Түрк элдери жана алардын тилдери. Түркологияга киришүү. (Karl H.Menges. The Turkic Languages and Peoples. An Introduction to Turkic Studies. 2-nd, revised edition) Бишкек, 2000.
Менин алгачкы энциклопедиям. (My first encyclopedia). Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998.
Түстөр цвета colours. Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Карама-каршылыктар противоположности opposites. Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Фигуралар фигуры shapes. Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Убакыт время time. Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Санак счёт counting. Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Менин биринчи сөз жыйнагым. (My first dictionary) Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Аялдардын адамдык укуктары. Кадам артынан кадам. (Women’s Human Rights/ Step by Step.) Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 2001.
Карл Поппер. Бүтпөс изденүү. Интеллектуалдык өмүрбаян. (Karl Popper. Unended Quest. An intellectual autobiography) Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Жон Стюарт Милль. Аялдардын көз карандылыгы. (John Stuart Mill. The Subjection of Women) Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 2002.
Коңжи жана Патжи. (Kongji and Patji.). Бишкек “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1999.
Уильям Макнейл. Батыштын башаты. Адамзат өтмүшүнө кылчаюу. 3 китептен турган басылма. (William H. McNeill. The Rise of The West. A History of The Human Community) Бишкек “Кыргызстан-Сорос” фонду, 2003.
“Step by Step” программасынын аңгемелер жыйнагы (Интернетте).
Уэсли Нюкомб Хохфельд. Мыйзамдык ой жүгүртүүлөрдөгү негизги юридикалык түшүнүктөр (Fundamental Legal Conceptions as Applied in Judicial Reasoning by Wesley Newcomb Hohfeld) Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фондунун басмасы, 2005.
Милли жана Мейси парады (Shana Corey. Milly and the Macy’s parade). Бишкек, 2009.
Билл Ковач, Том Розенстил. Журналистиканын негиздери (Bill Kovach, Tom Rosenstiel. The Elements of journalism). Бишкек, 2011. (18 басма табак)
Жек Лондон. Ак Азуу. (Jack London. White Fang). Бишкек, 2011.
Пэм Муньос Райан. Кыялкеч Эсперанса. (Pam Munoz Ryan. Esperanza Rising) Бишкек, 2012.
Лоис Лоури. Берүүчү. (Lois Lowry. The Giver) Бишкек, 2013.
Жон Кехо. Акылдын күчү чексиз. (John Kehoe. Mind Power into the 21st century) Бишкек, 2013.
Луиза Мэй Олкотт. Кичинекей айымдар. (Louisa May Alcott. Little Women.) Бишкек, 2013.
Орус тилинен которулган китептер
Граждан таануу. Азыркы үй-бүлө. (8-9-класстардын окуучулары үчүн окуу китеби). Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1997.
Арпад Гёнц. Майдан. Бишкек, 1997. (М.Абакиров менен бирдикте которулган).
“Кадам артынан кадам” программасынын бала бакчалар үчүн окуу программасы (көлөмү 15 басма табак). Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998.
“Кадам артынан кадам” программасынын башталгыч класстар үчүн окуу программасы (көлөмү 16 басма табак). Бишкек, “Кыргызстан-Сорос” фонду, 1998.
“Кадам артынан кадам” программасынын 6 окуу куралы.
“Сынчыл ойлом” программасынын 9 окуу куралы.
Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. 1-том. Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, 2002.
Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. 2-том. Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, 2003.
Түрк цивилизациясын изилдөө журналы. №1. Бишкек, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, 2004.
Түрк тилинен которулган китептер
Решат Генч. Түрк дүйнөсүнүн кыскача тарыхы. (Reshat Gench. Ana Chizgileriyle Turk Dunyasi Tarihi). Бишкек, Кыргыз-Түрк Манас университетинин басмасы, 2002.
Решат Нури Гүнтекин. Куштар кеткенде.
Решат Нури Гүнтекин. Туюк махабат.