Салижан абам. 2025
Өткөн күндүн өчүңкү элестери… же Таалайбек Абдиевдин Салижан Жигитовду эскерүүсү.
Айрыкча эгемендик алган жылдары кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү болгон Салижан Жигитов бир жагы тууганым, бир жагы устатым эле. Ал киши мурун интеллигенцияга курч жазылган адабий сын макалалары, терең илимий изилдөөлөрү, акындыгы, жазуучулугу менен белгилүү болсо, 1990-жылдардан баштап карапайым элге курч публицистикасы менен таанылып, коомдук ишмер катары чыга келди. Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай курч сөздөрү, кишинин оюна келбей турган далилдерге ширелген устарадай макалалары көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, кээ бирин тамшандырып, кээ бирин чычалатып турду.