Скачать

Орфография кыргызского языка

Республикабыздын социалисттик улуу курулушунун дүркүрөп өсүшү менен катар, биздин адабий тилибиз да күн санап өсүүдө. Бул өсүш сөзсүз кыргыз орфографиясынын кээ бир эрежелерин толуктоону, кээ бир эрежелерин өзгөртүүнү же алып таштоону талап кылып отурат. Ушу күнгө чейин колдонуп келген орфографиябыздын эрежелери 1941-жылы 12-сентябрда Кыргызстан Жогорку Советинин Президиуму тарабынан бекитилген. Андан бери алты жыл өттү. Тажрийбада колдонуунун натийжасында орфографиябыздын кээ бир айрым кемчиликтери билине баштады.