Скачать

Боз үй

Амантур Акматалиев 1934-жылы туулган. 1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. «Жасалга өнөр чеберлери», «Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлөрү», «Көркөм кол өнөрчүлүк» жана башка китептердин автору. Кыргыздын боз үйү өзүнчө өнөр, элдин сергек акылынан чыккан,чебер колунан тамган, улуттук прикладдык өнөрдүн теңдешсиз байлыгы. Ал- көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тен салмактуулукка ээ, журтчулугубузду даңазалоочу бөтөнчө күчкө барабар.Элибиз байыртан такай көчмөн турмушту өткөрүп жүргөн. Жалаң мал чарбачылыгьн аркалаган журтчулук каалаган жерге — мейли тоодо, мейли түздө жашоого оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилик түрткү берген. Кыргыздар боз үйдүн ушундай түрүн жаратыш үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган. Даярдаган Инаш Азим