Скачать

Кыргызская педагогика (энциклопедия)

Кыргызская педагогика (энциклопедия).

Урматтуу окурман!
Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, Кыргыз Билим берүү академиясы жалпы өлкөдөгү педагог окумуштуулар менен биргеликте даярдаган бул маалымат берүүчү китеп кыргыз тилинде даярдалган педагогика тармагындагы эң алгачкы басылма болуп эсептелет. Мында окутуу, тарбиялоо багытындагы эл аралык мааниге ээ болуп калган терминдер, элдик педагогиканын түшүнүктөрү кыскача чечмеленип берилүү менен, бул тармактын белгилүү окумуштуулары, таанымал мугалим-практиктер, билим берүү тармагына ири салым кошкон адистер жана кыргыз педагогикасынын калыптанышында, өнүгүшүндө олуттуу орду бар дүйнөлүк жана советтик педагогдор тууралуу өмүрбаяндык маалымаaттар киргизилди. Жалпысынан колуңардагы китептен кыргыз педагогикасына жана дүйнөлүк педагогикага байланышкан көп маалыматтарды аласыңар деп ойлойбуз, ошол эле кезде бул китеп өлкөдөгү интеллигенциянын эң билимдүү, эң окумал катмары болгон мугалимдердин, тарбиячылардын стол китебине айланып, алардын практикалык иштеринде керекке жарап, келечек муундарыбызды билимдүү жана ыймандуу өстүрүүгө көмөгүн көрсөтөт деп ишенебиз. Мына ушундай сөздүн чыныгы маанисиндеги энциклопедиялык китепти даярдоодо педагогика жана мектеп таануу багытындагы таланттуу жана талбас окумуштуу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев жана анын командасы кыска мөөнөт ичинде элибизге чоң эмгекти жаратып берди.
Бул китеп кыргыз улутунун этникалык педагогикасы менен дүйнөлүк педагогиканын, билим жана тарбиялоо жөнүндө советтик илим менен эгемендүү Кыргызстандын педагогикасынын синтезинен жаралганын окурмандар өздөрү аңдап билишер. Эң негизгиси мында эгемендүү мамлекет болгонубуздан кийинки алгачкы жолу өзүбүздүн педагогикабыздын жүзүн тартууга чоң аракет жасалды.