Скачать

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү

Кыргыздын көркөм кол өнөрчүлүгүнүн түшүндүрмө сөздүгү биринчи жолу чыгып жатат. Ал түпкүлүктүү эмгек катары каралат. Нечендеген кылымдар бою уста-уздардын узануу-уздануу ыкмалары муундан-муунга өтүп, өздөрү жараткан буюм-тайымдарында жекече кыял чабыттарын чагылдырып келишкен. Андай үлгүлөр, нускалар жасаган чеберлердин атагын алыска тараткан. Бирок, аларды жыйноо, иликтөө анча колго алынбай келген. Акыркы жылдарда гана жандана баштады. Сөздүктү түзүүдө «Кыргызстан», «Адабият» басмаларынан жарык көргөн «Жасалга өнөр чеберлери» (1982), «Көркөм кол өнөрчүлүк» (1984), «Кыргыздын колдонмо-жасалга өнөрү» (1988), «Усталар жана уздар» (1990) өңдүү китептеримдин негизинде жана андан берки иликтөө-изилдөөлөрүм бул сөздүктүн түзүлүшүнө уютку болду.