Скачать

Енисей кыргыздары жана кыштым институту

Кыштым – орто кылымдардагы Түштүк Сибирдеги көз каранды калктардын статусун аныктаган этносоциалдык термин. Бул термин енисей кыргыздары тарабынан тоолуу-токойлуу аймактарда жашаган, салык төлөгөн калкка (уруулар, этнографиялык топтор) карата айтылган. Бул этносоциалдык термин келгин орустар тарабынан XVII к. баш чендеринен кабыл алынганы маалым. Кыштым термини Kïšïštïm формасында азыркы Туванын аймагындагы Кемчик-Хая-Бажы деп аталган (Кемчик дарыясынын оң жак жээги) кыргыздарга таандык енисей жазма эстеликтеринде эскерилет. Г.Ф.Миллер өз учурунда “кыштымдар” деген аталыш башка элдерге салык төлөөгө милдеттүү калктарды белгилешерин эскерген.