Скачать

Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары

Олжобай Каратаевдин монографиясында кыргыздардын теги, келип чыгышы, этностук-маданий алакалары, материалдык жана руханий маданиятынын үлгүлөрү, тектеш ж.б. элдер менен этногенетикалык, этномаданий байланыштары комплекстүү иликтенген. Эмгекте «кыргыз» этноними, анын чечмелениши, таралуу алкагы, кыргыздардын этнос катары эволюциялык калыптануусу, Кыргыз мамлекети жана мамлекеттүүлүгү, кыргыз энтамга белгилери, кыргыз жазуусунун келип чыгышы, башаты ж.б. маселелер каралат.

Эмгек жогорку окуу жайларынын студенттерине «Кыргыз тарыхы», «Кыргыздардын этностук- маданий тарыхы», «Кыргыз этнографиясы» предметтери боюнча окуу куралы катары сунуш этилет. Мындан сырткары мугалимдерге, аспиранттарга, жогорку окуу жайлардын окутуучуларына, илимий кызматкерлерге арналуу менен элибиздин тарыхын аздектеген атуулду кайдыгер калтырбайт.