Скачать

Кыргыздардагы Умай-эненин культу

Байыркы түрк жазуу эстеликтерде жогорку пантеондун кудайлары катары Теңир, Умай жана Ыйык жер-суу аталып жатат. Теңир жана Ыйык жер-суу менен катар Умай да кыргыз жана түрк кагандарынын колдоочусу, тирөөчүсү экендиги айтылат. “Теңири, Умай, Ыйык жер-суу жеңиш берди” деген билдирүү көк түрк кагандарынын бийлиги кудайлар тарабынан ыйгарылгандыгын, мамлекетти жана элди аталган кудайлар колдой тургандыгын туюнткан.